Башкы Жаңылыктар Саат 18.00ге карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү

Саат 18.00ге карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү

28-Ноя, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саат 18.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү тууралуу билдирет. 

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын келүүсү 1 050 163 адамды же жалпы шайлоочулардын санынын 28,36%ын түздү.

Баткен облусу – 88 840 шайлоочу же 29,03%,

Жалал-Абад облусу – 201 617 шайлоочу же 29,45%,

Ош облусу – 227 348 шайлоочу же 30,64%,

Бишкек ш. – 119 677 шайлоочу же 27,46%,

Ош ш. – 48 865 шайлоочу же 31,38%,

Талас облусу – 51 495 шайлоочу же 31,80%,

Нарын облусу – 66 155 шайлоочу же 32,04%,

Чүй облусу – 154 827 шайлоочу же 25,31%,

Ысык-Көл облусу – 84 730 шайлоочу же 26,89%,

Чет өлкөлөрдө – 6 609 шайлоочу же 7,86%.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын келүүсү 1 037 373 адамды же шайлоочулардын жалпы санынын 28,66%ын түздү.

№1 Лейлек шайлоо округу – 28 945 шайлоочу же 32,14%,

№2 Баткен шайлоо округу – 28 493 шайлоочу же 27,98%,

№3 Кадамжай шайлоо округу – 29 646 шайлоочу же 26,18%,

№4 Көк-Жар шайлоо округу – 20 092шайлоочу же 35,08%,

№5 Ноокат шайлоо округу – 25 140 шайлоочу же 30,70%,

№6 Араван шайлоо округу – 28 105 шайлоочу же 30,88%,

№7 Ош шайлоо округу – 35 301 шайлоочу же 31,79%,

№8 Төлөйкөн шайлоо округу – 38 747 шайлоочу же 32,64%,

№9 Кара-Суу шайлоо округу – 28 218 шайлоочу же 28,08%,

№10 Куршаб шайлоо округу – 31 901 шайлоочу же 28,47%,

№11 Алай шайлоо округу – 36 324 шайлоочу же 31,69%,

№12 Өзгөн шайлоо округу – 23 355 шайлоочу же 26,17 %,

№13 Сузак шайлоо округу – 30 777 шайлоочу же 27,60%,

№14 Жалал-Абад шайлоо округу – 27 607 шайлоочу же 25,91%,

№15 Базар-Коргон шайлоо округу – 30 914 шайлоочу же 27,37%,

№16 Ноокен шайлоо округу – 30 746 шайлоочу же 32,32%

№17 Аксы шайлоо округу – 26 411 шайлоочу же 33,22%,

№18 Ала-Бука шайлоо округу – 23 507 шайлоочу же 29,34%,

№19 Токтогул шайлоо округу – 29 813 шайлоочу же 29,86%,

№20 Манас шайлоо округу – 27 593 шайлоочу же 33,39%,

№21 Талас шайлоо округу – 23 642 шайлоочу же 29,49%,

№22 Жайыл шайлоо округу – 26 291 шайлоочу же 26,36%,

№23 Москва шайлоо округу – 23 171 шайлоочу же 26,33%,

№24 Сокулук шайлоо округу – 21 732 шайлоочу же 21,71%,

№25 Аламүдүн шайлоо округу – 24 003 шайлоочу же 21,56%,

№26 Ленин шайлоо округу – 30 858 шайлоочу же 27,68%,

№27 Биринчи Май шайлоо округу – 29 766 шайлоочу же 27,17%,

№28 Октябрь шайлоо округу – 29 825 шайлоочу же 28,19%,

№29 Свердлов шайлоо округу – 26 044 шайлоочу же 25,16%,

№30 Ысык-Ата шайлоо округу – 24 422 шайлоочу же 25,21%,

№31 Чүй-Кемин шайлоо округу – 32 257 шайлоочу же 28,12%,

№32 Кочкор шайлоо округу – 35 365 шайлоочу же 33,98%,

№33 Нарын шайлоо округу – 31 118 шайлоочу же 29,72%,

№34 Жети-Өгүз шайлоо округу – 33 117 шайлоочу же 30,54%,

№35 Ак-Суйский избирательный округу – 29 612 шайлоочу же 25,00%,

№36 Ысык-Көл шайлоо округу - 21 826 шайлоочу же 24,33%.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>