Башкы Жаңылыктар Саат 14.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү

Саат 14.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү

28-Ноя, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саат 14.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү тууралуу билдирет. 

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын келүүсү 602 432 адамды же жалпы шайлоочулардын санынын 16,27%ын түздү.

Баткен облусу – 54 811 шайлоочу же 17,91%,

Жалал-Абад облусу – 116 284 шайлоочу же 16,99%,

Ош облусу – 129 039 шайлоочу же 17,39%,

Бишкек ш. – 66 869 шайлоочу же 8,44%,

Ош ш. – 28 192 шайлоочу же 18,10%,

Талас облусу – 29 949 шайлоочу же 18,50%,

Нарын облусу – 39 108 шайлоочу же 18,94%,

Чүй облусу – 87 094 шайлоочу же 14,24%,

Ысык-Көл облусу – 48 366 шайлоочу же 15,35%,

Чет өлкөлөрдө – 2 720 шайлоочу же 3,23%.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын келүүсү 593 315 адамды же шайлоочулардын жалпы санынын 16,39%ын түздү.

№1 Лейлек шайлоо округу – 18 316 шайлоочу же 20,34%,

№2 Баткен шайлоо округу – 15 984 шайлоочу же 15,70%,

№3 Кадамжай шайлоо округу – 18 317 шайлоочу же 16,17%,

№4 Көк-Жар шайлоо округу – 17 195 шайлоочу же 21,47%,

№5 Ноокат шайлоо округу – 14 672 шайлоочу же 17,91%,

№6 Араван шайлоо округу – 16 073 шайлоочу же 17,66%,

№7 Ош шайлоо округу – 20 082 шайлоочу же 18,08%,

№8 Төлөйкөн шайлоо округу – 21 191 шайлоочу же 17,85%,

№9 Кара-Суу шайлоо округу – 16 355 шайлоочу же 16,28%,

№10 Куршаб шайлоо округу – 17 814шайлоочу же 15,90%,

№11 Алай шайлоо округу – 20 334  шайлоочу же 17,74%,

№12 Өзгөн шайлоо округу – 12 492 шайлоочу же 14.00%,

№13 Сузак шайлоо округу – 17 886 шайлоочу же 16,04%,

№14 Жалал-Абад шайлоо округу – 16 707 шайлоочу же 15,68%,

№15 Базар-Коргон шайлоо округу – 16 479 шайлоочу же 14,59%,

№16 Ноокен шайлоо округу – 18 668 шайлоочу же 19,62%,

№17 Аксы шайлоо округу – 15 661 шайлоочу же 19,70%,

№18 Ала-Бука шайлоо округу – 13 352 шайлоочу же 16,67%,

№19 Токтогул шайлоо округу – 18 032 шайлоочу же 18,06%,

№20 Манас шайлоо округу – 16 650 шайлоочу же 20,04%,

№21 Талас шайлоо округу – 13 071 шайлоочу же 16,30%,

№22 Жайыл шайлоо округу – 14 383 шайлоочу же 14,42%,

№23 Москва шайлоо округу – 12 973  шайлоочу же 14,74%,

№24 Сокулук шайлоо округу – 12 327 шайлоочу же 12,31%,

№25 Аламүдүн шайлоо округу – 12 873 шайлоочу же 11,56%,

№26 Ленин шайлоо округу – 17 536 шайлоочу же 15,73%,

№27 Биринчи Май шайлоо округу – 16 258 шайлоочу же 14,84%,

№28 Октябрь шайлоо округу – 16 234  шайлоочу же 15,34%,

№29 Свердлов шайлоо округу – 14 519 шайлоочу же 14,03%,

№30 Ысык-Ата шайлоо округу – 14 045 шайлоочу же 14,50%,

№31 Чүй-Кемин шайлоо округу – 18 796 шайлоочу же 16,38%,

№32 Кочкор шайлоо округу – 20 912 шайлоочу же 20,09%,

№33 Нарын шайлоо округу – 18 022 шайлоочу же 17,21%,

№34 Жети-Өгүз шайлоо округу – 18 627 шайлоочу же 17,18%,

№35 Ак-Суу шайлоо округу – 15 878 шайлоочу же 13,40%,

№36 Ысык-Көл шайлоо округу - 13 173 шайлоочу же 14,68%.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>