Башкы Жаңылыктар Саат 12.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү

Саат 12.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү

28-Ноя, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саат 12.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү тууралуу билдирет. 

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын келүүсү 338 785 адамды же жалпы шайлоочулардын санынын 9,17%ын түздү.

Баткен облусу – 31 917 шайлоочу же 10,43%,

Жалал-Абад облусу – 69 058 шайлоочу же 10,09%,

Ош облусу – 73 213 шайлоочу же 9,87%,

Бишкек ш. – 36 794 шайлоочу же 8,44%,

Ош ш. – 17 037 шайлоочу же 10,94%,

Талас облусу – 15 941 шайлоочу же 9,85%,

Нарын облусу – 20 623 шайлоочу же 9,99%,

Чүй облусу – 47 769 шайлоочу же 7,81%,

Ысык-Көл облусу – 25 915 шайлоочу же 8,22 %,

Чет өлкөлөрдө – 1 518 шайлоочу же 1,80%.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын келүүсү 329 965 адамды же шайлоочулардын жалпы санынын 9,12%ын түздү.

№1 Лейлек шайлоо округу – 11 010 шайлоочу же 12,23%,

№2 Баткен шайлоо округу – 9 067 шайлоочу же 8,90%,

№3 Кадамжай шайлоо округу – 10 857 шайлоочу же 9,59%,

№4 Көк-Жар шайлоо округу – 10 098 шайлоочу же 12,61%,

№5 Ноокат шайлоо округу – 8 173 шайлоочу же 9,98%,

№6 Араван шайлоо округу – 9 813 шайлоочу же 10,78%,

№7 Ош шайлоо округу – 12 106 шайлоочу же 10,90%,

№8 Төлөйкөн шайлоо округу – 12 328 шайлоочу же 10,39%,

№9 Кара-Суу шайлоо округу – 10 443 шайлоочу же 10,39%,

№10 Куршаб шайлоо округу – 9 685 шайлоочу же 3,81%,

№11 Алай шайлоо округу – 9 846 шайлоочу же 8,59%,

№12 Өзгөн шайлоо округу – 6 614 шайлоочу же 7,41%,

№13 Сузак шайлоо округу – 10 181 шайлоочу же 9,13%,

№14 Жалал-Абад шайлоо округу – 7 800 шайлоочу же 7,32%,

№15 Базар-Коргон шайлоо округу – 9 397 шайлоочу же 8,32%,

№16 Ноокен шайлоо округу – 11 418 шайлоочу же 12,0%,

№17 Аксы шайлоо округу – 8 643 шайлоочу же 10,87%,

№18 Ала-Бука шайлоо округу – 7 975 шайлоочу же 9,96%,

№19 Токтогул шайлоо округу – 10 726 шайлоочу же 10,74%,

№20 Манас шайлоо округу – 8 721 шайлоочу же 10,55%,

№21 Талас шайлоо округу – 6 877 шайлоочу же 8,58%,

№22 Жайыл шайлоо округу – 7 770 шайлоочу же 7,79%,

№23 Москва шайлоо округу – 6 718 шайлоочу же 7,63%,

№24 Сокулук шайлоо округу – 6 474 шайлоочу же 6,47%,

№25 Аламүдүн шайлоо округу – 5 994 шайлоочу же 5,38%,

№26 Ленин шайлоо округу – 8 997 шайлоочу же 8,07%,

№27 Биринчи Май шайлоо округу – 9 219 шайлоочу же 8,41%,

№28 Октябрь шайлоо округу – 8 318 шайлоочу же 7,86%,

№29 Свердлов шайлоо округу – 8 315 шайлоочу же 8,03%,

№30 Ысык-Ата шайлоо округу – 8 274 шайлоочу же 8,54%,

№31 Чүй-Кемин шайлоо округу – 10 938 шайлоочу же 9,553%,

№32 Кочкор шайлоо округу – 11 212 шайлоочу же 10,77%,

№33 Нарын шайлоо округу – 9 330 шайлоочу же 8,91%,

№34 Жети-Өгүз шайлоо округу – 10 175 шайлоочу же 9,38%,

№35 Ак-Суйский избирательный округу – 8 627 шайлоочу же 7,28%,

№36 Ысык-Көл шайлоо округу - 7 240 шайлоочу же 8,07%.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>