Кочкор районундагы Кум-Дөбө, Бакай-Ата районундагы Акназаров, Жайыл районундагы Жайыл, Кемин районундагы Ильич жана Жаңы-Алыш айыл өкмөт башчыларын шайлоо 2013- жылдын 4-сентябрында өткөрүлөт
20 августа 2013
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынды. Токтомдун негизинде 2013-жылдын 4-сентябрында
- Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын кайра шайлоо;
- Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлөт.
Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 127 токтому менен 2013-жылдын 12-августуна дайындалып, кворумдун жоктугунан шайлоо өткөн эмес.
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчыcы Козубеков Ж.Ш. өзүнүн берген арызынын негизинде, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин 6-август 2013-жылдагы №29/VI буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.
Чуй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбаков Э.К. өзүнүн берген арызынын негизинде, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин 12-август 2013-жылдагы №176-р буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы Исмаилова Карачач Жумаевнага Ильич айылдык кеңешинин 2013-жылдын 1-августундагы № 22-9-26 токтому менен айылдык кеңештин депутаттары тарабынан бир добуштан ишенбестик билдирилген. Анын негизинде Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин 13-август 2013-жылдагы №190-р буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимова Т.С. өзүнүн берген арызынын негизинде, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин 14-август 2013-жылдагы №192-р буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.
Кочкор, Бакай-Ата, Жайыл, Кемин аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону белгиленген тартипте өткөрүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
