Башкы Жаңылыктар БШК: Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин мыйзам талаптарына ылайыктыгын …

БШК: Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин мыйзам талаптарына ылайыктыгын текшерүү боюнча иштер улантылууда

20-Ноя, 2021

БШК талапкерлерди, талапкерлердин партиялык тизмелерин каттоо учурунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин мыйзам талаптарына ылайыктыгы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын (КР Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги, КР Билим берүү жана илим министрлиги КР Ички иштер министрлиги ж.б.) расмий маалыматтарынын негизинде жүзөгө ашырылды.

Жогорку Кеңештин депутатынын кызмат ордуна талапкерлерге талаптар төмөнкү ченемдерде белгиленген:

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык “Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат”.

Конституциянын 38-беренесинде “Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө укуксуз” деп каралган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнө ылайык “Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого, шайланууга укуксуз.

Соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз”.

Талапкердин  мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайыксыздыгы аныкталган учурда шайлоо процессинин ар кайсыл баскычында, анын ичинде  депутаттын мандатын алгандан кийин дагы талапкерди каттоону жокко чыгаруу, депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чаралар көрүлөөрү мыйзамдарда каралган.

Конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 1-бөлүгүндө минтип белгиленген: талапкердин каттоосу, талапкер өзүнүн пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтарды жашырып койгонунун, анын ичинде талапкердин мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу же мыйзамдарда каралган жагдайлардын бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыгы жөнүндө, колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген негиздерде анын пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтар талапкер тарабынан жашырган фактылары далилденген учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин мыйзам талаптарына ылайыктыгын, анын  ичинде жогорку кесиптик билими барбы,  соттолгондугу (алып салынбаган/жоюлбаган) жокпу, башка мамлекеттин жарандыгы  жокпу – ушул маселелер  боюнча текшерүү иштери улантылууда.

Бул учурда башка мамлекеттин жарандыгы  бар же жок экендигин текшерүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аркылуу чет мамлекеттердин тиешелүү органдарына суроо-талап жөнөтүүнү талап кылат.

19-ноябрда өткөн жыйналышында БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына эки талапкердин «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына билими боюнча ылайыктыгы жөнүндө маселени карады.

17-ноябрда БШКга УКМКдан тиешелүү материалдар менен бирге төмөнкү талапкерлердин жогорку кесиптик билими тууралуу документтеринин аныктыгына байланыштуу маалымат түштү:

- Р.Ч. Момбековдун – «Социал-демократтар» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесиндеги №2 талапкер;

- К.У. Сатыбалдиевдин – «Бүтүн-Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесиндеги №10 талапкер;

1) Буга чейин Р.Ч. Момбековду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоо үчүн КР ТИМдин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы  2011-жылы берген «Эл аралык  мамилелер» адистиги боюнча дипломдун нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсү БШКга тапшырылган. Р.Ч. Момбеков тапшырган дипломдун аныктыгы КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ырасталган.

Ошол эле учурда УКМК берген маалыматка жана материалдарга ылайык  Р.Ч. Момбеков БШКга тапшырган КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын дипломунун негизинде алган Ж. Баласагын атындагы КУУ 2011-жылдагы «Юриспруденция» адистиги боюнча 2003-жылдагы диплом ага берилген эмес. Ал эми 2003-жылдагы көрсөтүлгөн дипломдун каттоо номери менен диплом башка адамдын ысымына берилген.

УКМК өкүлдөрү билдиргендей, учурда бул факт боюнча КР Жазык кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүгүнө (Документтерди жасалмалоо) ылайык териштирүү уланууда.

2) К.У. Сатыбалдиевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоо үчүн нотариус күбөлөндүргөн жогорку кесиптик билими тууралуу төмөнкү документтер тапшырылган:

- Жалал-Абад Экономика жана ишкердик университетинин «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» адистиги боюнча 2013-жылы берилген диплому;

- Ж. Баласагын атындагы КУУ 2011-жылдагы «Юриспруденция» адистиги боюнча 2017-жылы берилген диплому.

УКМК берген маалымат боюнча 2013-жылы К.У. Сатыбалдиевге Жалал-Абад Экономика жана ишкердик университетинин «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» адистиги боюнча диплом берилген, анын негизинде 2014-жылы ал тездетилген программа боюнча экинчи жогорку кесиптик билим алуу үчүн Ж. Баласагын атындагы КУУга тапшырган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Сатыбалдиев Кыянбек билип туруп жасалма документтерди (бир тууганы Сатыбалдиев Кыялбектин атына академиялык маалымкатты “Сатыбалдиев КыяНбек” деп өзгөртүп) пайдалануу жолу менен Жалал-Абад Экономика жана ишкердик университетин бүткөндүгү тууралуу диплом алган.

Тергөөнүн пикири боюнча Сатыбалдиев Кыянбек Экономика жана ишкердик университетинин дипломун мыйзамсыз алган, ал эми андан кийин «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарын бузуп, 2017-жылы экинчи жогорку кесиптик билим алган.

Берилген материалдарды изилдөөнүн натыйжасында БШК укук коргоо органдары берген материалдарды эске алып, аталган талапкерлердин конституциялык мыйзамдын талаптарын ылайыктыгы жөнүндө маселени териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча кароону чечти.

Буга чейин эскертилгендей, талапкердин  мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайыксыздыгы аныкталган учурда шайлоо процессинин ар кайсыл баскычында каттоону жокко чыгарылышы мүмкүн.

Мында  Жогорку Кеңештин депутаттыгына ар бир талапкер БШКга документтерди тапшырган учурда берилген бардык маалыматтар анык деп кол коюп берерин, ошондой эле жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун  берерин, анын негизинде берилген маалыматтар кошумча текшерилиши мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек.

Маалымат үчүн:

КРдин Жоруктар жөнүндө кодекси:

«87²-берене. Шайлануучу кызмат ордуна талапкердин билип туруп анык эмес маалыматтарды берүүсү

1. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчылыгына талапкер тарабынан билип туруп шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарда каралган анык эмес маалыматтарды, документтерди, анын ичинде башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу документти берүүсү, ошондой эле талапкерликке көрсөтүү, каттоо жана шайлоо үчүн тоскоолдук кылуучу маалыматтарды жашыруу – I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жасаган ошол эле жосун,– белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укуктарынан ажыратуу менен I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет».

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>