Башкы Жаңылыктар Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо фондуна 357 …

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо фондуна 357 576 659,97 сом келип түштү

20-Ноя, 2021

БШК Көзөмөлдөө-текшерүү  тобу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоо тууралуу маалымат берди. 

Бардыгы болуп шайлоого катышуу үчүн БШКда каттоого алынган 321 талапкер өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүштү. 

«Түндүк» мекемелер аралык электрондук карым-катышуу тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын 19-ноябрына карата талапкерлердин шайлоо фондундагы атайын эсепке жалпы суммасы 357 576 659, 97 сом келип түштү. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан 219 653 970 сом чыгымдалды (төмөндө таблицадан караӊыз).

Бир мандаттуу шайлоо округунун номери жана аталышы 

Талап-дин саны

Келип түштү

Чыгымдалды

№1 Лейлек шайлоо округу

9

15 350 446,00

10 559 550,00

№2 Баткен шайлоо округу

10

9 157 670,55

5 337 220,00

№3 Кадам-Жай шайлоо округу

18

9 429 024,50

5 412 150,00

№4 Көк-Жар шайлоо округу

8

9 289 515,00

5 584 825,00

№5 Ноокат шайлоо округу

3

12 486 619,00

6 658 740,00

№6 Араван шайлоо округу

6

5 428 570,00

3 745 470,00

№7 Ош шайлоо округу

8

5 548 185,40

4 642 045,00

№8 Төлөйкөн шайлоо округу

5

8 743 228,70

4 878 237,00

№9 Кара-Суу шайлоо округу

7

12 058 862,00

6 517 385,00

№10 Куршаб шайлоо округу

10

7 737 130,00

4 957 680,00

№11 Алай шайлоо округу

8

12 154 485,00

8 548 350,00

№12 Өзгөн шайлоо округу

4

2 164 825,00

1 255 300,00

№13 Сузак шайлоо округу

13

9 340 829,00

5 065 290,00

№14 Жалал-Абад шайлоо округу

6

2 350 150,00

1 835 900,00

№15 Базар-Коргон шайлоо округу

5

8 194 336,00

4 247 450,00

№16 Ноокен шайлоо округу

5

10 244 747,00

5 558 650,00

№17 Аксы шайлоо округу

6

4 979 580,00

2 832 850,00

№18 Ала-Бука шайлоо округу

5

4 040 109,00

2 313 350,00

№19 Токтогул шайлоо округу

10

7 983 505,00

4 683 250,00

№20 Манас шайлоо округу

6

10 447 063,00

6 531 440,00

№21 Талас шайлоо округу

9

5 447 708,00

4 297 653,00

№22 Жайыл шайлоо округу

8

6 934 309,70

3 710 716,00

№23 Москва шайлоо округу

12

7 989 450,00

4 997 710,00

№24 Сокулук шайлоо округу

7

3 780 833,00

2 358 990,00

№25 Аламүдүн шайлоо округу

10

21 193 437,27

11 848 879,00

№26 Ленин шайлоо округу

11

5 792 956,86

3 851 160,00

№27 Биринчи май шайлоо округу

7

9 991 930,75

6 959 760,00

№28 Октябрь шайлоо округу

5

20 290 931,90

11 806 975,00

№29 Свердлов шайлоо округу

4

3 626 431,40

2 036 575,00

№30 Ысык-Ата шайлоо округу

11

13 636 026,20

10 072 590,00

№31 Чуй-Кемин шайлоо округу

15

9 797 217,00

5 972 550,00

№32 Кочкор шайлоо округу

16

22 695 637,00

15 725 415,00

№33 Нарын шайлоо округу

13

12 127 234,80

7 921 051,00

№34 Жети-Өгүз шайлоо округу

17

30 986 597,60

17 345 105,00

№35 Ак-Суу шайлоо округу

11

7 847 836,34

4 493 474,00

№36 Ысык-Көл шайлоо округу

13

8 309 242,00

5 090 235,00

Бардыгы

321

357 576 659,97

219 653 970,00

Бир мандаттуу округ боюнча ар бир талапкердин шайлоо фонду тууралуу кеӊири маалыматты БШК расмий сайтынан, Талапкер/Избиратель фондунан https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/okrg, https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/okrg шилтемеси аркылуу көрүүгө болот. 

Мыйзамдык чендерге ылайык, талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн⃰: 

  • талапкердин жеке каражатынан, ал 150 000 сомдон ашпашы керек; 
  • саясий партиянын жеке каражатынан, ал 1 000 000 сомдон ашпашы керек;
  • жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, алардын ар бири 200 000 миӊ сомдон ашпашы керек; 
  • юридикалык жактын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, алардын ар бири 500 000 миӊ сомдон ашпашы керек. 

Бул учурда, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондундагы келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектик суммасы 10 000 000 сомдон ашпашы керек.

* «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, шайлоо фонддорун аталган тыюуларга туш келбеген жактар жана уюмдар түзө алат.  

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>