Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 11-ноябрында өткөн жыйналышында «Ыйман Нуру» Акыйкаттуулук жана өнүгүү» саясий партиясы көрсөткөн Мамырова Асипа Абдылдаевнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим А. Мамырованын «Ыйман Нуру» Акыйкаттуулук жана өнүгүү» саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү