2013-жылдын 17-, 26-июлунда, 1-августунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – шаардын мэринин жана айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары бекитилди
06 августа 2013
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында 2013-жылдын 17-, 26-июлунда, 1-августунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – шаардын мэрин жана айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди.Жыйында кабыл алынган токтомдун негизинде:
Эрмек Мамырканов Сокулук районундагы Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы, Уланбек Бердигулов Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы, Сулайман Жоробеков Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланышты.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жаңы шайланган жетекчилерине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
