Бүгүн 1-августа Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт

01 августа 2013

Бүгүн 1-августа Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомунун негизинде 2013-жылдын 18 августунда өткөрүлгөн айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылган жана шайлоо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын» эрежелерин бузуулар менен өткөрүлгөндүгү белгиленген.

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы 2013-жылдын 18–июлунда өткөн  Жаны-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун 2-турун белгиленген тартипте өткөрүүнү 2013-жылдын 1-августуна жылдыруу жөнүндө токтом кабыл алган.

             Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы