Башкы Жаңылыктар БШК парламенттик шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады

БШК парламенттик шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады

30-Окт, 2021

 

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмеси баардык 2494 шайлоо участогунда, анын ичиндеөлкөдөгү – 2435 жана чет өлкөлөрдөгү 59 шайлоо участогунда илинди, ошондой эле шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлоочулардын “Тизме” - https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталына жайгаштырылды.

Контролдук тизмедеги Бирдиктүү округдагы шайлоочулардын саны - 3 699 046 адам, Бир мандаттуу округдагы шайлоочулардын саны - 3 621 751 адам.

2021-жылдын 11-апрелинде өткөн «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүү) катышуучуларынын санына салыштырганда шайлоочулардын жалпы саны 92 845 жаранга көбөйдү. Үстүбүздөгү жылы 9-сентябрда сайтка жайгаштырылган шайлоочулардын алдын ала тизмесиндеги шайлоочулардын санына (3 686 921) салыштырганда 12 125 жаранга өстү (кенен маалымат “Тизме” порталында).

Шайлоочулардын таанышуусу жана маалыматтарды тактоосу үчүн УШК тизмени шайлоо участогуна илет.

Шайлоочулардын тизмесин тактоо 2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына чейин жүргүзүлөт.

Шайлоочулардын биротоло тизмеси түзүлүп, 2021-жылдын 18-ноябрында “Тизме” порталына жайгаштырылат.

Урматтуушайлоочулар!

2021-жылдын 19-сентябрынан тартып 12-ноябрына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • «tizme.gov.kg» сайтында;
  • шайлоо участогунда;
  • өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.

Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде шайлоочулардын тизмесине киргизилген, Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандар, мындан тышкары, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыруу үчүн жашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ – ЦОН) кайрылуусу зарыл.  

БШКнын маалыматтык бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>