КР Боршайкомуна аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө 22 саясый партиядан арыз түштү
17 июля 2011
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өз талапкерлерин көрсөтүү жөнүндө тийиштүү документтерин 22 саясый партиялар тапшырышты. Бул сан дагы өзгөрүшү ыктымал, анткени Боршайкомго жергиликтүү кеңештерден да маалыматтар түшүүдө, саясый партиялар ал жакка көрсөтүлүп жаткан башка субъектилер менен катар өзүлөрүнүн талапкерлеринин да тизмесин берүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча республиканын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылган негизги иш-чаралардын Календарлык планына ылайык, шайлоо комиссияларын түзүү процесси 2011-жылдын 25 –июлунда аяктайт.
Саясый партиялардан, коомдук уюмдардан, шайлоочулардын жыйналыштарынан өкүлдөрдү аймактык шайлоо комиссияларынын курамына көрсөтүү 2011-жыл 1-июль - Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү расмий жарыялангандан тарта башталган. Талапкерлерди аймактык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүү жөнүндөгү документтерди кабыл алуу 2011-жылдын 15 –июль күнү саат 18 -00 аяктады.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” констиутциялык Мыйзамына ылайык, өлкөнүн шайлоо системасы үч баскычтуу болуп эсептелет – алар участкалык шайлоо комиссиялары (УШК), аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) жана Борбордук шайлоо комиссиясы.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
