Башкы Жаңылыктар КР БШК шайлоо комиссияларын окутуу үчүн тренерлерди даярдады

КР БШК шайлоо комиссияларын окутуу үчүн тренерлерди даярдады

19-Окт, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалгын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн андан ары окутууну өткөрө турган тренерлер үчүн Ош шаарында тренинг уюштурду. Окутуу КР БШК тарабынан USAIDдин колдоосу менен, Эл аралык шайлоо тутумдарынын фондунун өкүлчүлүгү (IFES) менен биргеликте уюштурулду.

КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова катышуучуларга алдыдагы шайлоонун өзгөчөлүктөрүн, шайлоо процессинин ар бир этабындагы милдеттерди жана жоопкерчиликтерди, шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөрүүлөрдү түшүндүрдү.
 

Шайлоонун канчалык эркин өткөндүгү, жарандардын добуш берүү жана шайлануу укуктары канчалык толук ишке ашкандыгы демократиялык шайлоонун негизги көрсөткүчү экени айтылды. Ал эми мамлекеттин аракеттери ушул укуктарды камсыз кылууга багытталышы керек. Ар бир орган мыйзамда белгиленген компетенциялардын чегинде жана шайлоо процессинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. Шайлоонун негизги өзгөчөлүгү - мөөнөттөр. Экинчи өзгөчөлүгү – шайлоо – бул саясий процесс, шайлоого катышкан талапкерлерге же партияларга карата ар кандай теңсиз шарт же мамиле коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна алып келиши мүмкүн.

Катышуучулардын көңүлү ОШКнын добуш берүү күнүндөгү ишмердүүлүгүнө, Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга бурулду. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 4-бөлүгүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасы "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна карата ыкчам аракет көрүү жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу жарандарга маалымдоо максатында шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топтор түзүлөт: БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу, 36 округдук шайлоо комиссияларында ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топтор.

ЫЧКТга карата, шайлоонун алгачкы этабында ыкчам жооп берүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди, бул шайлоо процессинин бардык катышуучуларына шайлоо мыйзамдарын бузууга жол берилбестиги үчүн белги болуп саналат. Шайлоонун көп субъекттүүлүгүнө байланыштуу, ЫЧКТ жана ОШК эч кимди үндөбөстөн же каршы чыкпастан, шайлоонун бардык катышуучулары менен кызматташууга чакырылган. Ошол эле учурда келип түшкөн даттанууларды кароонун эффективдүүлүгүн да көрсөтүү маанилүү. Паракорлуксуз жана административдик ресурстарды колдонбостон таза жана айкын шайлоону өткөрүүгө өлкө жетекчилигинин жана Республикалык штабдын саясий эрки бар экендиги белгиленди. Мисал катары, 2021 -жылдын январында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо административдик ресурсту колдонуу боюнча 13 учур жана пара алуу боюнча 9 учур катталган.

Тренингде КР ЖК депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун коргоо аракеттеринин Алгоритмин карап чыгышты. Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин этабында талапкерлерге жана талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга үгүт иш-чараларын телекөрсөтүү, радио, аудио жана видео форматтарын онлайн режиминде жүргүзүү сунушталат. Офлайн жолугушуулар адамдардын массалык топтолуусуна жол бербѳѳ талаптарын эске алуу менен, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо менен, орун-жайдан сырткары (ачык жерде) ѳткѳрүү сунушталат. Үгүт материалдарын (буклеттерди, газеталарды, дисктерди, желекчелерди, значокторду ж.б.) таркатуу милдеттүү түрдѳ бир жолку кол каптарды жана бет каптарды пайдалануу менен ишке ашыруу зарыл.

  • Тренингдин жүрүшүндө округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгү, түзүү тартиби, негизги ыйгарым укуктары жана иштөө принциптери боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Катышуучуларга добуш берүү жайларын кантип даярдоо керектиги, муктаждыктар карталарын жана шайлоочулардын тизмесин түзүү, үгүт жүргүзүү жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн талапкерлердин укуктарын кантип камсыз кылуу керектиги түшүндүрүлдү, добуш берүү күнү саат 08.00дөн 20.00гө чейин шайлоо комиссияларынын иши этап сайын каралып чыкты.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана жабдууга милдеттүү. Талапкерлерге, саясий партияларга мындай материалдарды жайгаштыруу үчүн тең шарттар камсыз кылынууга тийиш. Талапкерлер, саясий партиялар тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларынан шайлоо алдындагы басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн орундардын тизмесин алууга укуктуу. Катышуучуларга Талапкерлер, саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт материалдарын сурдокотормону же субтитрди колдонуп, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн Брайль шрифтин же башка атайын каражаттарын пайдалануу менен үгүт материалдарынын жалпы нускасынын санынын бир пайызынан кем эмес санда басып чыгарууга жана таркатууга милдеттүү экендиги эске салынды.

Тренингде участкалык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин өклүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана байкоочулар менен өз ара аракеттенүүсү каралды. Добуш берүү күнүндө ОШК ишин баштагандан тарта, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда добуш берүү күнү (2021-жылдын 27-ноябрында) жана добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколун кабыл алуу жөнүндө билдирүү алганга чейин, ошондой эле добуштарды кайра саноо учурунда, КР БШКда аккредитацияланган байкоочулар шайлоо участкаларында болууга укуктуу. Байкоочулар, талапкерлердин жана партиялардын өкүлдөрү, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары добуш берүү башталардан кеминде бир саат мурун шайлоо участкасына кирүүгө тийиш. Байкоочулар үзгүлтүксүз жана белгиленген мөөнөттө, анын ичинде добуштарды эсептөө учурунда эркин тандап алган убакыт аралыгында байкоо жүргүзүүгө укуктуу. ОШКнын төрагасы комиссиянын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жана айкындыгын камсыздоого, шайлоо процессинин катышуучуларына алардын активдүү шайлоо укугун колдонуунун тартибин, ошондой эле добуш берүүгө жана добуштарды саноого катышкан адамдарга, ОШК тарабынан жүргүзүлгөн бардык аракеттердин тартибин жана маанисин түшүндүрүүгө милдеттүү.

Шайлоо комиссияларынын тренерлери добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тартиби, добуштарды кол менен эсептөө процедурасы, жараксыз бюллетендер менен иштөө, жалпысынан добуш берүүнүн протоколун толтуруу боюнча бардык иштер боюнча окутулду. УШКнын документтерин АШК, БШКга берүүнүн процедурасы түшүндүрүлдү (протоколду АЭУ аркылуу сканерлөө).

Шайлоо мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчилик чаралары деталдуу түрдө каралды. Шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу 4-категориядагы айып пул салууга алып келет (жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23 000 сом). Жалпыга маалымдоо каражаты тарабынан жасалган ошол эле жосун 5-категориядагы айып пул салууга алып келет (жеке жактарга 10 000 сом, юридикалык жактарга 28 000 сом).

Мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде, же болбосо референдум мезгилинде алардын чыгарылышы үчүн жооптуу уюмдар жана адамдар жөнүндө маалыматтар камтылбаган үгүттүк басма сөз материалдарын, же болбосо чет өлкөдө даярдалган материалдарды таратуу 6-категориядагы айып пул салууга алып келет (жеке жактарга 12 500 сом, юридикалык жактарга 35 000 сом).

Имараттарда, курулмаларда же башка объекттерде илинген укма-көрмө материалдарды, депутаттыкка же башка шайлануучу кызматка талапкердин портретин, анын өмүр таржымалы бар плакатты, же болбосо башка үгүт материалдарын билип туруп жок кылуу же болбосо бузуу 4-категориядагы айып пул салууга алып келет (жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 000 сом). Ошол эле учурда үгүт материалдары имараттын, курулманын же башка объекттин менчик ээсинин (ээсинин) макулдугу жок илинсе, ал ушул берене боюнча жоопкерчиликтен бошотулат.

Ошондой эле, тренерлерге БШКнын сайты менен иштөө, анын структурасы, мазмуну, баракчалары, анын ичинде бардык талапкерлер жана саясий партиялар, алардын программалары, шайлоо фонддору жөнүндө маалыматтарды камтыган "Талапкерлер жана партиялар" бөлүмү үйрөтүлдү.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>