КР БШК талапкер аялдарды шайлоочулар менен иштөө боюнча тренингге чакырат

14 октября 2021

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдар Кыргызстанда Түзүмү жана БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо алкагында саясий партиялардан жана бир мандаттуу шайлоо округдары өз талапкерлигин көрсөткөн аялдарды “Аялдардын саясий лидерлиги: шайлоо өнөктүгүнө даярдоо”  деген окутуу программасына катышууга  чакырат.

Окутуу тренинги талапкер аялдарды шайлоо мыйзамдарындагы жаңы эрежелер жана талаптар менен тааныштыруу максатында өткөрүлүүдө. Тренинг алдыда өтүүчү Жогорку Кеңешке шайлоодо катышуучуларга шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү боюнча билимин жана көндүмдөрүн, талапкерлердин кайрылууларды даярдоосун, шайлоочулар менен максаттуу иштөөнү,  өнөктүктү пландоону жана башкарууну жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул окутуу программасы БУУ-Аялдар глобалдуу кеңсеси (Нью-Йорк) тарабынан иштелип чыгып, саясий лидерлерди жана талапкерлерди парламенттерге даярдоо боюнча дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүндө ийгиликтүү пайдаланылды. Кыргызстанда программа КР БШКнын БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) менен кызматташтыкта ишке ашырылууда.

Иш-чаралардын форматы  – офлайн. Өткөрүү мөөнөттөрү: 2021-жылдын  19-октябрынан тартып 27-октябрына чейин.

Бул иш-чарага катталуу үчүн төмөнкү даректер боюнча кайрылууну өтүнөбүз:

Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаары боюнча талапкерлер БУУ-Аялдар программасынын жардамчысы Бермет Абайбековага – bermet.abaibekova@unwomen.org  электрондук  дарегине жазып же 0 707778775 телефонуна чалып.

Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустары боюнча талапкерлер КР БШК менен иштешүү боюнча долбоордун координатору Бермет Опобековага – opobekovabermet@gmail.com электрондук  дарегине жазып же 0 771 463521телефонуна чалып.

 Тренингдердин графиги

Дата

Шаар

Өтүүчү жер

Бишкек/Чүй облусу

  1.  

19-20- октябрь

Бишкек/Чуй

Би Отель

  1.  

19-20- октябрь

Бишкек/Чуй

Би Отель

  1.  

20-21- октябрь

Бишкек/Чуй

Би Отель

  1.  

22-23- октябрь

Бишкек/Чуй

Би Отель

  1.  

25-26- октябрь

Бишкек/Чуй

Би Отель

Ош/Ош облусу

  1.  

20-21- октябрь

Ош

Ош Санрайс

  1.  

22-23- октябрь

Ош

Ош Санрайс

Жалал-Абад облусу

  1.  

24-25- октябрь

Джалал-Абад

Кок Арт

  1.  

26-27- октябрь

Джалал-Абад

Кок Арт

Баткен облусу

  1.  

22-23- октябрь

Баткен

Алтын Бешик

  1.  

25-26- октябрь

Баткен

Алтын Бешик

Ыссык-Көл облусу

  1.  

23-24- октябрь

Каракол

Жекен Отель

Нарын облусу

  1.  

25-26 октябрь

Нарын

Хан Тенгри

Талас облусу

  1.  

21-22- октябрь

Талас

Ак Тилек

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү