Башкы Жаңылыктар Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызматына талапкер …

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызматына талапкер көрсөтүү жөнүндө 4 партиядан протокол жана өзүн өзү көрсөткөндөрдөн 2 арыз келип түштү

17-Июл, 2011

2011-жылдын 16-июлуна карата Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргшыз Республикасынын Президентини кызматына талапкер көрсөтүү жөнүндө 4 саясый партиядан протокол келип түштү. “Ата –Журт” партиясы президентикке Камчыбек Ташиевди, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Адахан Мадумаровду, “Кыргызстандын жашылдар партиясы” Эркин Бөлөкбаевди жана “Эл үчүн” партиясы Арстанбек Абдылдаевди көрсөтүштү. Мындан тышкары БШК га өзүн өзү көрсөтүшкөн 2 адам – Барктабас Аземкуловдон жана Сергей Трофимовдон арыз келип түштү.

 

Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкерлерди көрсөтүү 2011  -жылдын 16 –августунда аяктайт.  

 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына (андан ары –Конституциялык мыйзам)  ылайык, Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоо расмий дайындалгандыгы туурасындагы чечим чыккан күндүн эртеси башталат  жана шайлоо күнүнө 75 календарлык күн калганда аяктайт.

Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугу шайлоо расмий дайындалган күнгө карата аныкталган тартипте каттоодон өткөн саясый партияларга, ошондой эле талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн жарандарга таандык.  

Президенттин кызматына талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Кол тамгаларды чогултуу Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү күнүнөн башталат жана талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат.   

Кыргыз Республикасынын Президенти 6 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам удаасы менен эки мөөнөттөн ашык Президент болуп шайлана албайт. Президент болуп 35 жашка толгон жана 70 жаштан ашпаган, мамлекеттик тилди билген, республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган, чет мамлекеттин жарандыгы жок Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

Президенттин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билгендигин аныктоо тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Президенттин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо Тил боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Президенттин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсү талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктаган күндөн талапкерлерди каттоо аяктаган күнгө чейин  аныкталат.

Президенттик кызматка талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 35 календарлык күн калганда (2011-жылдын 25 –сентябрында) аяктайт.

Президенттикке талапкер каттого чейин жана сунуш кылынган документтер текшерилгенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эсе өлчөмүндөгү (100 миң сом) шайлоо күрөөсүн коет. Эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кеминде 5 пайызы талапкерди жактап добуш берсе, койгон шайлоо күрөөсү шайлоо өткөрүлгөндөн кийин талапкерге кайра кайтарылып берилет.

Президенттин кызмат ордуна талапкер өзү көрсөтүлгөндөн кийин 5 күндүк мөөнөт ичинде шайлоо алдындагы кампанияны каржылоо үчүн конституциялык Мыйзам тарабынан аныкталган тартипте өзүнүн шайлоо Фондун түзөт.

Талапкердин шайлоо фондусунун каражаттарынын эсебинен чыгымдалган чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 500000 эседен (50 миллион сом) ашпайт.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>