Башкы Жаңылыктар БШКга " Эркин Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын …

БШКга " Эркин Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу жөнүндө билдирме түштү.

03-Сен, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына  "Эркин Кыргызстан” саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Алымкулов Аскарды,каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары– Камылбек уулу Аскатты дайындады.

Календарлык планга ылайык КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин КР БШК эске салат.

Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу коюлуп, саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18.00гө чейин.

Ошону менен бирге, конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирме шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып башталат (6-сентябрга чейин) жана шайлоо күнүнө 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.

Буга чейин КР БШКга "Социал -демократтар" жана “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”,"Альянс", “Кыргызстандын жашылдар партиясы”, “Жаратман Эл”, «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»,"Ата Мекен","Ыйман Нуру",«Эл үмүтү социалдык саясий партия», “Актив”, “Бийлик элге”,”Акыйкат Кыргызстан”, «Ар-Намыс»,"Кыргызстандын саясий кучторунун альянсы","Күч биримдикте" социалдык-саясий партиясы”, "Азаттык” демократиялык партия”, "Ынтымак”, "Аалам”, "Тилектештик”, "Социалист”,"Ак Асаба”, "Ак Бата”, "Адилет”,"Ата-Журт Кыргызстан”, "Мекенчил Эл”, “Бирге-Вместе”, “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”,“Менин Мекеним”, “Келечек-Будущее,”Элдик Партия”, “Биздин Эл”, “Жаңы ЭРА”, "Күчтүү регион”, "Жаңы Мезгил”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Кыргызстандын элдик-демократиялык партия”, "Асыл- Мурас Жаштар”, "Кыргызстан либерал –демократиялык партия”, "Чоң казат, «Улутман», "Эмгек”, «Аманат», "Ордо”, "Асаба” элдик кайра жаралуу”, "Либералдык-прогрессивдүү”, "Айкөл Кыргызстан”, "Кыргызстан элдеринин конгресси”, "Элдик кыймыл партиясы”, «Нур», "Элдик көзөмөл”, «Тынчтык»,“Эгемен Кыргызстан”, " Легалайз”, "Адам укугу”, «Мурас», «Чындык», «Реформа»,«Ак-Ниет», «Ак санат», "Замандаш”," Кыргызстандын “Баба-Дыйкан” дыйкандар(фермерлер)”, «Туран» " Акшумкар”, " Ашар-Алтан”, Ак- Шам Мекен жана жаратуу “саясий партиялардан КР ЖК депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>