КР Боршайлоокомдун алдында контролдук-текшерүү тобу түзүлдү

16 июля 2011

Бүгүн, 16-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өтүп, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арстанбек Абдылдаевдин (“Эл үчүн” партиясы) ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Самаркүл Бейшеналиеваны жана Рахатбү Иманбекованы катоо жөнүндө КР БШКнын токтому кабыл алынды.

БШК токтому менен ошондой эле президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу чыгымдоону контролдоону ишке ашыруу үчүн КР БШКнын алдында  контролдук-текшерүү тобу түзүлдү.  КТТ жетекчисине БШК мүчөсү Алмаз Асаналиев дайындалды.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы.