Бишкекте шайлоо инклюзиясы боюнча дискуссиялык жолугушуу өттү
25 июня 2021
Бишкекте ЮСАИДдин колдоосу алдында “Майыптыгы бар адамдардын “Теңдик” бирлиги” коомдук бирикмеси уюштурган Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну талкуулоо боюнча дискуссиялык жолугушуу өттү.
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (ДМЧА) шайлоо укуктарын коргоо ишин жүргүзгөн уюмдар менен кызматташтыкта даярдалган «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө» Жобону ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу ведомствонун биринчи кезектеги милдети болуп саналат. Бүт республика боюнча УШКларда пандустарды орнотуу маселесине ай сайын байкоо жүргүзүлүп турат. Пандус менен жабдылган шайлоо участокторунун саны 2017-жылы 27%ды түзсө, алардын 80%ы талаптарга жооп берген эмес. Бул көрсөткүч 2020-жылы февралда 43%ды, августта - 65,7%ды, сентябрда - 79%ды, декабрда - 83,4%ды түзсө, 2021-жылы апрелде УШКлардын 85%ы пандустар менен жабдылган. Ошондой эле “Чакыруу нукумасы” жайылтылды.
Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Толкунбек Исаковдун айтымында майыптыгы бар адамдардын көпчүлүк шайлоо укуктары иш жүзүндө ишке ашырылбай келатат.
“Кайсы бир жерде шайлоо участокторунун жеткиликтүү болбогондугунан улам, дагы бир жерде шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн билимдеринин жоктугунан улам шайлоо укуктары ишке ашырылбай жатат. Биз бышып жетилген маселелерди аныктап, зарыл сунуштарды иштеп чыгышыбыз керек”, - деп белгиледи ал.
КР БШК төрагасы ДМЧ адамдардын жеткиликтүүлүк боюнча көйгөй маселелери пандустардын болушунан кеңири экендигин белгиледи. Ал келечекте шайлоо участокторуна баруучу жолдордун жеткиликтүүлүгү боюнча чараларды көрүүнү талап кылат. БШК кийинки жылдарга ушундай милдет койду.
БШК чечкен маселелердин экинчи блогу – бул шайлоочуларды, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алынышы. Бул үчүн мыйзамдарга социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу атайын мамлекеттик орган ал шайлоочулардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө маалыматты ар бир жылда 1-февралдан 1-августка карата абал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырат. ЕККУнун баалоосу боюнча бул талап Борбордук шайлоо комиссиясынын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын укуктарын иш жүзүндө кеңейтүүгө умтулуусун көрсөтүүдө.
Бул маалыматтар шайлоо участогу боюнча керектөө картасынын негизи болуп калат, баштапкы маалыматтарды эсепке алат, атайын жардам (шайлоо участогуна жеткизүү – социалдык такси, участокто жардам берүү, бюллетендин атайын форматы ж.б.) керек болгон жарандарды камтыйт.
ДМЧ жарандарга маалымдоого дагы эрк-ниетин эркин билдирүүнүн, эркин ишке ашыруунун маанилүү өңүтү катары көңүл бурулду. Өткөн парламенттик, президенттик шайлоодо, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо, референдумдарда талапкерлер, саясий партиялар, референдум маселеси боюнча үгүт ишине катышуучу "макул" топ, "каршы" топтору шайлоо алдындагы үгүт материалдарын сурдокотормону же субтитрди колдонуп, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн Брайль шрифтин же башка атайын каражаттарды пайдалануу менен үгүт материалдарынын жалпы нускасынын санынын бир пайызынан кем эмес санда басып чыгарып, таркатышты.
Маалымат үчүн: БШК ДМЧ шайлоочулардын керектөөлөрүн эске алып, добуш берүү үчүн жайларга карата атайын талаптарды иштеп чыкты:
столдор, добуш берүүчү кабиналар жана добуш берүү үчүн урналар, ошондой эле маалыматтык такталар коляска пайдалануучу же өз алдынча кыйынчылык менен кыймылдаган шайлоочуларга жеткиликтүүлүк камсыздалгандай жайгаштырылышы керек (бийиктиги, туурасы, жайгашуусунун узатасы жана орду боюнча);
добуш берүүчү бир кабина туурасы 40 смден кем эмес, узатасы 30 смден кем эмес жана бийиктиги полдун деңгээлинен 75 смден кем эмес бийиктикте бюллетень толтуруучу орун (столчо, такта, буюм койгуч ж.б.) менен жабдылышы керек;
добуш берүү үчүн жайларда (бери дегенде добуш берүү үчүн бир кабинада) чоңойтуп көрсөтүүчү айнекти (лупа) жана/же Брайль трафаретин жайгаштыруу керек, кошумча жарык берүү, стулдар дагы каралышы абзел;добуш берүү үчүн урналар (АЭУ) добуш берүү үчүн жайда турган адамдар бюллетендеги белгилерди көрбөгөндөй болуп, добуш берүү үчүн атайын жабдылган кабинадан бир жарым метрден ашык эмес аралыкта жайгаштырылышы керек.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү







