Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
25 июня 2021
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын
башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана
шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
2021-жылы 25-июнда КР БШК Ош облусунун Алай районунун Ленин,
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш, Юрьевка жана Узун-Кыр,
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөт
башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун
натыйжасы тууралуу протоколдорун бекитти.
Протоколдордун негизинде:
Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөт башчысын
шайлоо болуп өттү деп таанылды, Жолдошев Максат
Таалайбекович башчы болуп шайланды;
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл өкмөт
башчысын шайлоо болуп өттү деп таанылды, Жолдошев Максат
Таалайбекович башчы болуп шайланды;
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл өкмөт
башчысын шайлоо болуп өттү деп таанылды, Майлибашев Айбек
Бекболотович башчы болуп шайланды;
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл өкмөт
башчысын шайлоо болуп өттү деп таанылды, Чокошов Султан
Авасович башчы болуп шайланды;
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл
өкмөт башчысын шайлоо болуп өттү деп таанылды, Алымов
Манас Кадырович башчы болуп шайланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
