Башкы Жаңылыктар КР БШК кээ бир ЖӨБ башчыларын шайлоодогу добуш …

КР БШК кээ бир ЖӨБ башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти

19-Июн, 2021

КР БШК кээ бир ЖӨБ башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн
жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду

бекитти

2021-жылы 19-июнда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЖӨБ башчыларын
шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы
тууралуу протоколдорду бекитти.

Баткен облусу боюнча:
Баткен районунун Кара-Бак, Лейлек районунун Жаңы-Жер жана
Кулунду айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы
жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.
Каламбеков Абдикарим Саалыевич Кара-Бак айыл өкмөт башчысы
болуп шайланды;
Жалилов Бекжан Турсунбекович Жаңы-Жер айыл өкмөт башчысы
болуп шайланды;
Ташбалтаев Өскөнбай Каримович Кулунду айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды.

Нарын облусу боюнча:
Ак-Талаа районунун Көк-Жар, Ат-Башы районунун Ак-Моюн, Нарын
районунун Он-Арча жана Кара-Кужур айыл өкмөт башчыларын шайлоодо
добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу
протоколдор бекитилди.
Акматов Адилет Абаевич Көк-Жар айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды;
Көбөнова Гүлмира Чүкүковна Ак-Моюн айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды;
Кадыров Рысбек Зарлыкович Он-Арча айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды;

Рысбек уулу Дамир Кара-Кужур айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды.

Чүй облусу боюнча:
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн, Октябрь, Көк-Жар,
Ак-Дөбө, Таш-Мойнок, Лебединовка, Пригородный, Ала-Арча жана
Грозный, Чүй районунун Ак-Бешим, Ибраимов, Искра, Шамшы, Онбир-
Жылга, Сайлык, Чүй, Кегети жана Бурана, Москва районунун Чапаев жана
Предтеченка айыл өкмөт башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы
жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.
Көлбаев Найзабек Асанбекович Аламүдүн айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды.
Кабиров Саймудин Одинаевич Октябрь айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды;
Джумалиев Эдиль Асыкбаевич Көк-Жар айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды;
Сакиев Белек Ильичбекович Ак-Дөбө айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды;
Асанкулов Бекболсун Сатаркулович Таш-Мойнок айыл өкмөт
башчысы болуп шайланды.
Качкынбай уулу Адилет Лебединовка айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды;
Шеримбеков Бакыт Кемелканович Пригородный айыл өкмөт башчысы
болуп шайланды;
Ниязова Гулькайыр Элебасовна Ала-Арча айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды;
Джумалиев Тимур Болотович Грозный айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды;
Жоомартбекова Нуржан Жоомартбековна Ак-Бешим айыл өкмөт
башчысы болуп шайланды;

Курманкул уулу Алмаз Ибраимов айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды;
Токталиев Жаныбек Сагынбекович Искра айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды;
Алышпаев Замир Тентимишович Шамшы айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды;
Сыдыков Ильичбек Сабырович Онбир-Жылга айыл өкмөт башчысы
болуп шайланды;
Усенбек уулу Мирлан Сайлык айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Сулайманов Самат Жумабекович Чүй айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды;
Медетов Калыс Самудинович Кегети айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды;
Оскенов Акылбек Бозумович Бурана айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды;
Усенов Адилет Кочкорбаевич Чапаев айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды;
Алыгулов Султан Баатырканович Предтеченка айыл өкмөт башчысы
болуп шайланды.
Ысык-Көл облусу боюнча:
Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш
берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор
бекитилди.
Үсөнов Эламан Зарылбекович Чоң-Таш айыл өкмөт башчысы болуп
шайланды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>