КР БШК кээ бир ЖӨБ башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти
2021-жылы 18-июнда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЖӨБ башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти.
Ош облусу боюнча:
Ноокат районунун Төөлөс жана Ынтымак, Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.
Эшматов Адылбек Музураимович Төөлөс айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Жолдошев Нурбек Жапашович Ынтымак айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.
Нарын облусу боюнча:
Ак-Талаа районунун Коңорчок жана Кара-Бүргө, Нарын районунун Сары-Ой, Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.
Боталиев Таалайбек Эсенгулович Коңорчок айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Русланов Кудайберген Русланович Кара-Бүргө айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Кошалиев Бакытбек Сейтекович Сары-Ой айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Акишов Бурканбек Карыбекович Семиз-Бел айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.
Баткен облусу боюнча:
Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөт башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.
Торалиев Алчыбай Ак-Турпак айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.
Ысык-Көл облусу боюнча:
Түп районунун Ак-Булуң жана Ак-Булак айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.
Ботоев Талайбек Кычиевич Ак-Булуң айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;
Исраилов Нурлан Муратбекович Ак-Булак айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү