Башкы Жаңылыктар Бишкекте жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарына урмат көрсөтүү аземи …

Бишкекте жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарына урмат көрсөтүү аземи болуп өттү

15-Июн, 2021

Бишкекте жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарына урмат
көрсөтүү аземи болуп өттү

Бүгүн – 15-июнда Бишкекте жергиликтүү кеңештердин жаңы
шайланган аял депутаттарын урмат көрсөтүүнүн адаттан тышкары тариздеги
аземи болуп өттү.
Бир нече саат бою бийликтин мамлекеттик органдарынын
өкүлдөрүнүн, экс-президент Розы Отунбаеванын, президенттин жубайы
Айгүл Жапарованын, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары
Жылдыз Бакашованын, БШК төрагасы Нуржан Шайлдабекованын жана эл
аралык уюмдардын өкүлдөрү менен айылдык кеңештердин аял
депутаттарынын ортосунда түз жана ачык диалог болду. Жергиликтүү
кеңештердин 40тан ашык аял өкүлү жергиликтүү кеңештердин
депутаттыгына ат салышууда кандай кыйынчылыктарга дуушар болгон
окуялары, ошондой эле жергиликтүү жамааттарды, аялдардын өлкөнүн
саясий турмушуна катышуусун өнүктүрүү боюнча пландары тууралуу
ойлорун бөлүштү.
БШК төрагасы Н. Шайлдабекованын айтуусу боюнча өткөн
жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо айылдык кеңештердин
деңгээлинде аялдардын квотасы толук даражада ишке ашырылды.
“Айылдык кеңештерде аялдардын саны 9%дан 38%га чейин көбөйдү.
Баары эле сыдыргыга салгандай болгон жок. Ар кандай стереотиптерге,
коомдун бул маселеге мамилесинен улам 65 округда аял талапкерлер
катышпады.
Ошону менен бирге 59 округда аял талапкерлердин саны квотадан
жогору болгону оң көрүнүш. Башкача айтканда, аялдар эркектерге атаандаш
болуп, а түгүл, эркектерге караганда көп добуш алып, кеңештерге келе
алышты. Натыйжада айылдык кеңештерде аялдардын саны көп эсе өсүүдө.
Эми аялдардын кеңештердин ишине катышуусун жигердүү,
натыйжалуу кылуу, алардын коомго катышуусу тамыр алышы үчүн алдыда
көп иштерди аткаруу зарыл. Албетте, биз айылдык кеңештерде аял
депутаттардын дагы, эркек депутаттардын дагы дараметин арттырышыбыз
керек. Жергиликтүү жамааттардын суроо-талаптарын натыйжалуу чече
алышы, жаратман иш жүргүзүшү үчүн жергиликтүү кеңештердин баардык
депутаттарын окутуу иш-чаралары өткөрүлөт.

БШК бул иштерди жарандык коом, эл аралык уюмдар менен
биргелешип, жигердүү жүргүзмөкчү. Өкмөт жалпысынан муниципалдык
башкаруу ишин өркүндөтүү зарылдыгы тууралуу билдирди”, - деп белгиледи
Н. Шайлдабекова.
Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү
жаатындагы Кыргызстандын улуттук жана эл аралык милдеттенмелерине
ылайык келген, өлкөнүн мыйзамдарындагы жана саясатындагы
жетишкендиктерди сактап калуу, атап айтканда, жергиликтүү жана Жогорку
кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган бир
жыныстагы адамдар үчүн мандаттардын 30%ын резервге калтыруу жөнүндө
атайын чараларды колдонуу боюнча чараларды талкуулоо аял депутаттарга
урмат көрсөтүү аземиндеги интерактивдүү диалогдун маанилүү учуру болуп
калды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттарынын Аялдар форумунун,
БУУӨПтүн, БУУ-аялдар, ЕККУнун, ЕБдин, Швейцария Элчилигинин жана
бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү дагы катышты.
Ошондой эле “Мен лидер аялмын: Жаңы доорго секирик” аталыштагы
аял депутаттарга урмат көрсөтүү аземинин катышуучулары жана
меймандары үчүн Кыргызстандын түштүгүндөгү чек ара райондорунан
келген лидер аялдардын фотосүрөт жана картиналар көргөзмөсүнүн
ачылышы болду. Анда чагылдырылган окуялар жергиликтүү жамааттарда
билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык жактан өнүктүрүү
тармактарындагы ар түрдүү маселелерди чечүүдө аялдардын жалпы эл
таанылган салымдарынан тышкары, чыр-чатактарды жөнгө салууда жана
жамааттарды калыбына келтирүүдө аялдардын ролунун маанилүү экендигин
айгинеледи.
Аялдарга урмат көрсөтүү аземи “БУУ-аялдар” түзүмү менен
өнөктөштүктө Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу алдында БУУӨПтүн
“Кыргызстандагы 2020–2021-жылдардагы шайлоолорду колдоо”
программасынын, ошондой эле Норвегия менен Швеция өкмөттөрү
каржылык жактан колдогон БУУнун “Айылдардагы аялдардын
экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” (JP RWEE)
биргелешкен программасынын алкагында өттү.

КР БШК аппаратынын маалыматбөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>