КР БШК 10 шаардын мэрлерин шайлоодогу добуш берүүнүн
жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду
бекитти
2021-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-
июнунда өткөн Ысык-Көл облусунун Каракол, Чолпон-Ата, 2021-жылдын 7-
июнунда өткөн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, 2021-жылдын 11-
июнунда өткөн Нарын облусунун Нарын, 2021-жылдын 10-июнунда өткөн
Талас облусунун Талас, 2021-жылдын 7-июнунда өткөн Чүй облусунун
Кайыңды, Шопоков, 2021-жылдын 7-июнунда өткөн Баткен облусунун
Айдаркен, Кадамжай, 2021-жылдын 10-июнунда өткөн Чүй облусунун Кант
шаардын мэрлерин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана
шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти.
Джумаев Эрмат Джумаевич Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын
мэри болуп шайланды;
Ормоков Эрнисбек Абдижалилович Жалал-Абад облусунун Жалал-
Абад шаарынын мэри болуп шайланды;
Болотбеков Самарбек Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри болуп
шайланды;
Шабданов Аскар Адылбекович Талас облусунун Талас шаарынын мэри
болуп шайланды;
Иманбеков Бердибек Шайлообекович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл
районунун Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланды;
Джумабаев Эрнур Нурадинович Чүй облусунун Панфилов районунун
Кайыңды шаарынын мэри болуп шайланды;
Бекболотов Адылбек Токойбекович Чүй облусунун Сокулук районунун
Шопоков шаарынын мэри болуп шайланды;
Майлибашев Улан Бекболотович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун
Кант шаарынын мэри болуп шайланды;
Мурзажанов Алтынбек Саматович Баткен облусунун Кадамжай
районунун Айдаркен шаарынын мэри болуп шайланды;
Бегалиев Бакытбек Турдалиевич Баткен облусунун Кадамжай
районунун Кадамжай шаарынын мэри болуп шайланды.
КР БШК аппаратынын маалыматбөлүмү