Башкы Жаңылыктар 2021-жылдын 12-июнунда болуп өткөн кээ бир айыл өкмөт …

2021-жылдын 12-июнунда болуп өткөн кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндө маалымат

12-Июн, 2021

 

2021-жылдын 12-июнунда Нарын облусунун Кочкор районунун Талаа-Булак, Ак-Талаа районунун Ак-Чий, Терек, Жумгал районунун Баш-Кууган, Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ача-Кайыңды, Нарын районунун Орток, Жерге-Тал айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.

Кочкор районунун Талаа-Булак айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Жолдошбек уулу Белекбек шайланды;

Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Чиркеев Бакыт Абылсеитович шайланды;

Ак-Талаа районунун Терек айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Жылтыров Урмат Жаныбаевич шайланды;

Жумгал районунун Баш-Кууган айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Жумупов Рахатбек Ташимович шайланды;

Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Аалиев Азим Карыбекович шайланды;

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Жумалиев Адилет Жумалиевич шайланды;

Нарын районунун Орток айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Окенов Алтынбек Тентиевич шайланды;

Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Сыдыгалиев Кулмат Асанбаевич шайланды.

2021-жылдын 12-июнунда Талас облусунун Талас районунун Арал, Бакай-Ата районунун Миң-Булак, Боо-Терек, Кара-Буура районунун Көк-Сай, Аманбаев айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.

Талас районунун Арал айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Кочорбаев Айбек Тынчтыкбекович шайланды;

Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Жумакеева Айгуль Зарылыковна шайланды; Боо-Терек

Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Кубанычбеков Абдыбаказ Советбекович шайланды;

Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Стамкулов Болот Музулумович шайланды;

Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Мураталиева Бакытгуль Молдалиевна шайланды.

2021-жылдын 12-июнунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородное, Красноречка, Ысык-Ата районунун Кең-Булуң, Чүй районунун Сайлык, Чүй, Аламүдүн районунун Ала-Арча айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.

Аламүдүн районунун Пригородное айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Шеримбеков  Бакыт Кемелканович шайланды;

Аламүдүн районунун Красноречка айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Кожомамбетов Азамат Асанбекович шайланды;

Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Сартбаева  Динара Джумакадыровна шайланды;

Чүй районунун Сайлык айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Үсөнбек уулу Мирлан шайланды;

Чүй районунун Чүй айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Сулайманов Самат Жумабекович шайланды;

Аламүдүн районунун Ала-Арча айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Ниязова Гулькайыр Элебесовна шайланды.

2021-жылдын 12-июнунда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак, Чалма, Ноокат районунун Көк-Жар, Он-Эки-Бел, Алай районунун Талды-Суу, Сары-Могол, Өзгөн районунун Жалпак-Таш, Баш-Дөбө айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.

Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Эркинбаев Медербек Камчыбекович шайланды;

Кара-Кулжа районунун Чалма айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Алишов Чолпонкул Сатыбалдыевич шайланды;

Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Миңбаев Сатарали Мукумович шайланды;

Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Осмонов Казыбек Келдибаевич шайланды;

Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Таев Турусбек Долонович шайланды;

Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Анарбаев Кутманали Асатиллаевич шайланды;

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Арынов Шайырбек Сапаралиевич шайланды;

Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Зулпукаров Курманбек Раимжанович шайланды.

2021-жылдын 12-июнунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка, Жети-Өгүз районунун Жаргылчак, Барскоон, Түп районунун Арал, Ысык-Көл районунун Абдрахманов айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.

Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Кобонбаев Талант Шайлообекович шайланды;

Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Асанбаев Алгабас Токторбекович шайланды;

Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Асанов Бакытбек шайланды;

Түп районунун Арал айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Чоркозов Эрлан Акматович шайланды;

Ысык-Көл районунун Абдрахманов айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Жумаев Данияр шайланды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>