Ысык-Көл облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү

10 июня 2021

2021-жылы 10-июнда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Б. Мамбетов, Ак-Суу районунун Октябрь, Кара-Жал, Жети-Өгүз районунун Оргочор, Светло Поляна айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.

Б. Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Кылжыров Руслан Темирбекович, Догдурбай уулу Азамат катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кылжыров Руслан Темирбекович Б. Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Б. Мамбетов айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.

Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Кенжебаев Кутман Женишбекович, Молдобаева Шайырбүбү Токтогуловна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кенжебаев Кутман Женишбекович Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Октябрь айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 18и добуш беришти.

Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Асакеев Алтынбек Усупжанович, Бараканов Сагындык Калыбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бараканов Сагындык Калыбекович Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Жал айылдык кеңешинин 11 депутатынын алтоо добуш беришти.

Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Орозбаков Адилет Эсенгулович, Сатыбалдиев Марат Жолочуевич, Усеналиев Талантбек Асангариевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сатыбалдиев Марат Жолочуевич Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Оргочор айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9у добуш беришти.

Светло Поляна айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Искаков Урматбек Рахымжанович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Искаков Урматбек Рахымжанович Светло Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Светло Поляна айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү