Жалал-Абад облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү

10 июня 2021

2021-жылдын 10-июнунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон, Кош-Дөбө, Ала-Бука районунун Ак-Там, Өрүктү, Сузак районунун Таш-Булак, Сузак, Токтогул районунун Сары-Камыш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Алымкулов Жаныбек Керимбекович, Эркинов Талантбек Эркинович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Эркинов Талантбек Эркинович Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Үч-Коргон айылдык кеңешинин баардык 31 депутатынын 20сы добуш беришти.

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Абдыкааров Кыялбек Ыманалиевич, Кадыркулов Чынарбек Анаркулович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кадыркулов Чынарбек Анаркулович Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 21 депутатынын 13ү добуш беришти. Добуш берүү 2 турда өттү.

Ак-Там айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Камчыбеков Мирлан Мамырбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Камчыбеков Мирлан Мамырбекович Ак-Там айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Там айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20сы добуш беришти.

Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна райондун мамлекеттик администрациясы көрсөткөн 1 талапкер – Кийикбаев Рустам Нарпайович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кийикбаев Рустам Нарпайович Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Өрүктү айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20сы добуш беришти.

Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Гиязов Тайхожа Ульмасович, Самидинов Нурбек Жолмаматович, Мамаев Нурболот Маматназарович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Самидинов Нурбек Жолмаматович Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Таш-Булак айылдык кеңешинин бардык 31 депутатынын 16сы добуш беришти.

Сузак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер – Джанбаев Замирбек Азимжанович, Сарыев Адылбек Аширбекович, Нышанов Рустам Айтбекович, Абдурашидов Бекзад Абдурашидович, Хакимов Жахонгир Абдумуталипович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Абдурашидов Бекзад Абдурашидович Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Сузак айылдык кеңешинин бардык 31 депутатынын 22си добуш беришти.

Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Омурканов Рамис Токтотемирович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Омурканов Рамис Токтотемирович Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Сары-Камыш айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти.

 

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү