Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партияларга КАЙРЫЛУУСУ

08 июня 2021

2021-жылдын 7-июнуна карата Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга 13 саясий партия ниеттенгенин билдирди.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат.

Ушуга байланыштуу айрым саясий партиялар съездин (конференциясын) өткөрүүдө.

Баяндалгандын негизинде, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 49-беренесинин талаптарын сактоо максатында Бишкек АШК Бишкек АШКнын өкүлүнүн катышуусу үчүн алдыдагы съезд (конференция) тууралуу күн мурунтан кат жүзүндө кабарлап коюуну өтүнөт.

Кошумча катары Бишкек АШК төмөнкүнү эске салат: Бишкек шаарынын УШКларынын курамдарына саясий партиялардан талапкерлер 2021-жылдын 11-июнуна чейин көрсөтүлөт.