Башкы Жаңылыктар Ош облусунун бир катар айыл өкмөт башчыларын шайлоо …

Ош облусунун бир катар айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды

25-Май, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-майындагы жыйналышында Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов, Көк-Бел, Кеңеш, Жаңы-Ноокат, Бел, Гүлистан, Көк-Жар жана Он-Эки-Бел, Араван районунун Маңгыт, Кара-Суу районунун Нариман, Кара-Кулжа районунун Капчыгай, Ой-Тал,Сары-Булак жана Чалма, Өзгөн районунун Ак-Жар, Салам-Алик, Көлдүк, Алтын-Булак, Зергер, Жылалды, Жалпак-Таш жана Баш-Дөбө, Алай районунун Сары-Таш, Талды-Суу, Сары-Могол, Үч-Төбө, К. Белекбаев атындагы Алай, Будалык, Коңур-Дөбө жана Гүлчө айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

№

Айыл кеңешинин аталышы

(шайланган дата)

Мандаттардын саны

Жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо датасы

Жергиликтүү кеңештердин шайланган төрагалары

ЖӨБО башчыларын шайлоону өткөрүү датасы

Ош облусу

Ноокат району

1

Мирмахмуд айыл кеңеши

31

15.05.2021

Гапаров

Шухрат Мамадумарович

08 -июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

2

Көк-Бел айыл кеңеши

21

18.05.2021

Ашимов

Азимидин Борубаевич

09 -июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

3

Кеңеш айыл кеңеши

21

15.05.2021-ж.

Абдрахманов

Орозбек

Сулайманович

09 -июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

4

Жаңы-Ноокат айыл кеңеши

31

15.05.2021-ж.

Сатторов Каримжон Хомитжонович

10 -июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

5

Бел айыл кеңеши

21

15.05.2021-ж.

Ураимов

Медербек Абдыкаарович

10 -июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

6

Гүлистан айыл кеңеши

31

16.05.2021-ж.

Мурзакулов

Умарбек Намиржанович

11 -июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

7

Көк-Жар айыл кеңеши

31

15.05.2021-ж.

Пирматов

Тойчу

12 -июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

8

Он-Эки-Бел айыл кеңеши

21

16.05.2021-ж.

Кантов

Данияр

Токтосунович

12 -июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

Араван району

1

Маңгыт айыл кеңеши

16

16-май 2021

Кудайбердиев

Замирбек

Курбабекович

11 -июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

Кара-Суу району

1

Нариман айыл кеңеши

20

20-май 2021

Нуманов

Азимжан Муйдинжанович

10 -июнь 2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин

Кара-Кулжа району

1

Капчыгай айыл кеңеши

11

18.05.2021

Калыбаев

Сулайман Термечикович

11 -июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

2

Ой-Тал айыл кеңеши

11

17.05.2021

Жунусов

Кайратбек Айтбаевич

11 -июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

3

,Сары-Булака айыл кеңеши

11

19.05.2021

Матиев

Курстанбек Борошович

12 -июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

4

Чалма айыл кеңеши

21

19.05.2021

Кадыркулов Абдырасыл Акасович

12 -июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

Өзгөн району

1

Ак-Жар

айыл кеңеши

21

15.05.2021

Турдали уулу Кубанычбек

8 -июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

2

Салам-Алик

айыл кеңеши

21

15.05.2021

Калмурзаева Буразия Шакировна

9 -июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

3

Колдукский айыл кеңеши

11

14.05.2021

Жалилов

Омурбек Надырбекович

9 -июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

4

Алтын-Булак айыл кеңеши

11

14.05.2021

Таштан уулу Табылды

10 -июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

5

Зергерский айыл кеңеши

21

15.05.2021

Келдибаев Бакытбек Шайдыллаевич

11 -июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

6

Жылалды айыл кеңеши

21

15.05.2021

Акназаров Маматибраим

11-июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

7

Жалпак-Ташайыл кеңеши

21

15.05.2021

Матиева

Гулуйпа

Абдраевна

12-июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

8

Баш-Дөбө айыл кеңеши

21

14.05.2021

Тагайкулов Мамасабир Акимович

12-июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

Алай району

1

Будалык

айыл кеңеши

11

14.05.2021

Арапбай уулу

Улан

9 -июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

2

К.Белекбаев атындагы Алай айыл кеңеши

21

14.05.2021

Койчуев

Мунарбек

9 -июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

3

Гүлчө айыл кеңеши

21

14.05.2021

Исмаилов Космосбек

10 -июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

4

Коңур-Дөбө

айыл кеңеши

21

14.05.2021

Бегматов Токтобай

10 -июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

5

Сары-Таш

айыл кеңеши

11

14.05.2021

Сейдалы уулу Тариел

11 -июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

6

Үч-Төбө

айыл кеңеши

21

17.05.2021

Атантай уулу Акбий

11 -июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

7

Талды-Суу

айыл кеңеши

11

14.05.2021

Койчуман уулу Ноорузбек

12 -июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

8

Сары-Могол

айыл кеңеши

11

14.05.2021

Кокулов Улукбек Ташполотович

12 -июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

 

Чечимдер “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
08-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                                                        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу ‎” токтом долбоору жөнүндөБаяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы           5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайлаган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                            
Кененирээк билүү >>
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>