Башкы Жаңылыктар КР БШК Нарын облусунун бир катар айыл өкмөт …

КР БШК Нарын облусунун бир катар айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындады

21-Май, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 21-майындагы жыйналышында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө жана Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнүн, Ат-Башы районунун Ак-Муз, Баш-Кайыңды, Кара-Суу жана Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн, Жумгал районунун Кабак, Таш-Дөбө жана Чоң-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн, Кочкор районунун Кош-Дөбө, Кум-Дөбө, Көк-Жар жана Семиз-Бел айыл өкмөттөрүнүн, ошондой эле Нарын районунун Ак-Кудук, Казан-Куйган, Эмгекчил жана Эмгек-Талаа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды:

№

Жергиликтүү өз алдынча

башкаруунун аткаруу

органдарынын аталышы

Мандаттардын

саны

Жергиликтүү

кеңештин төрагасын шайлоо датасы

Кеңештин

шайланган төрагасы

Шайлоо өткөрүү датасы жана убактысы

Нарын облусу

Ак-Талаа АШК

           
 
 

1.

Кош-Дөбө

11.04.2021

11

17.05.2021

Самибаева

Гульбарчын

Баатырбековна

10- июнь2021

15-00дөн 18-00гө чейин

2.

Жерге-Тальский

11.04.2021

11

18.05.2021

Орунбаев

Талантбек

Орозобекович

10- июнь 2021

09-00дөн 12-00гө чейин

Ат-Башы АШК

1.

Ак-Муз

11.04.2021

11

17.05.2021

Адистен уулу

Казыбек

09- июнь 2021

15-00дөн 18-00гө чейин

2.

Кара-Суу

11.04.2021

21

17.05.2021

Иманкулов

Жаныбек

Калматович

09-июнь 2021

09-00дөн 12-00гө чейин

3.

Баш-Кайыңды

11.04.2021

21

17.05.2021

Мусаканов

Нурланбек

Асанакунович

10-июнь 2021

09-00дөн 12-00гө чейин

4.

Талды-Суу

11.04.2021

11

18.05.2021

Жолдошбек уулу

Дыйканбек

10-июнь 2021

12- 00дөн 18-00гө чейин

Жумгал АШК

1.

Кабак

  1. г.

11

17.05.2021

Абдыралиев

Дастан

Турусбекович

09-июнь 2021

15-00дөн 18-00гө чейин

2.

Чоң-Дөбө

11.04.2021

11

17.05.2021.

Огонбаева

Күлбайра

Кашкаровна

10-июнь 2021

09-00дөн 12-00гө чейин

3.

Таш-Дөбө

11.04.2021

11

17.05.2021

Токтобек уулу

Туратбек

10-июнь 2021

15-00дөн 18-00гө чейин

Кочкор АШК

1.

Кош-Дөбө

11.04.2021

11

17.05.2021

Казиев

Бакытбек

Асимжанович

9-июнь 2021

09-00дөн 12-00гө чейин

2.

Семиз-Бел

11.04.2021

21

17.05.2021

Намазбек уулу

Бектурсун

09-июнь2021

15-00дөн 18-00гө чейин

3.

Кум-Дөбө

11.04.2021

21

17.05.2021

Чолпонкулов

Марлен

Молдокадырович

10-июнь 2021

09-00дөн 12-00гө чейин

4.

Көк-Жар

11.04.2021

11

17.05.2021

Кадыракунов

Асанкул

10-июнь 2021

15-00дөн 18-00гө чейин

Нарын АШК

1.

Эмгекчил

11.04.2021

11

17.05.2021

Исмаилов

Маратбек

Боронбаевич

9- июнь 2021

09-00дөн 12-00гө чейин

2.

 

Казан-Куйган

11.04.2021

11

17.05.2021

Шаарбек уулу

Бекназар

09-июнь 2021

15-00дөн 18-00гө чейин

3.

Эмгек-Талаа

11.04.2021

11

17.05.2021

Аалы уулу

Сүйүндүк

10-июнь 2021

09-00дөн 12-00гө чейин

4.

Ак-Кудук

11.04.2021

11

17.05.2021

Сарайбек уулу

Элмурас

10- июнь 2021

15-00дөн 18-00гө чейин

Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>