Башкы Жаңылыктар 2021–ж. 26-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн …

2021–ж. 26-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

26-Апр, 2021

Өткөрүү датасы: 26 апрель 2021-ж.

Убактысы: 18:00

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дж. А. Бакчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда  токтотуу жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын  бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районунун Полтавка, Ак-Башат, Красновосточный, Сары-Коо,  Кара-Суу, Степ, Жайыл, Сосновка, Сары-Булак, Талды-Булак жана Суусамыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы –Жумабаев Нурадил Бейшенович, Жайыл АШКнын атайын өкүлү)

4. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Панфилов районунун Орто, Курама, Вознесеновка, Күрпүлдөк, Чалдыбар жана Фрунзе айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы –Жумабаев Нурадил Бейшенович, Панфилов АШКнын атайын өкүлү)

5. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо, Мангыт, Алля Анаров, Чек-Абад, Тоо-Моюн, Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы –Алибекова Феруза Кадыралиевна, Араван АШКнын төрагасы)

6. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун                       Ак-Талаа районунун Ак-Чий, Ак-Талаа, Баетов, Жерге-Тал, Жаны-Талап, Кош-Дөбө, Коңорчок, Кара-Бургөн, Көк-Жар,   Кызыл-Белес, Үгүт жана Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы –Казиев Токтосун Сатыбалдиевич, Ак-Талаа АШКнын атайын өкүлү)

7. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ак-Жар, Ак-Талаа, Ача-Кайынды, Ак-Муз, Ак-Моюн, Баш-Кайынды, Кара-Суу, Кара-Коюн жана Талды-Суу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы –Алымбекова Акылай Ишеналиевна , Ат-Башы АШКнын төрагасы)

8. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кудук, Дөбөлү, Достук, Жерге-Тал,Жан-Булак, Казан-Куйган, Кара-Кужур, Миң-Булак, Орток, Он-Арча, Сары-Ой, Учкун, Чет-Нура, Эмгекчил жана Эмгек-Талаа айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Исмаилов Абасбек Шаршеналиевич, Нарын АШКнын төрагасы)

9. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Жапарова Мееринса Абытовна, Баткен АШКнын төрагасы)

10. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Абдуллаева ГүласалЖаанбаевна, Майлуу-Суу АШКнын төрагасы)

11.2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Мергенбаева Анара Дайыровна, Аксы АШКнын катчысы)

12.2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим, Ак-Жол, Ак-Суу, Жаңы-Жол, Жерге-Тал, Кара-Суу, Кашка-Суу, Т.Мавлянов, Кызыл-Туу жана Ш.Назаралиев айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Мергенбаева Анара Дайыровна, Аксы АШКнын катчысы)

13. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май, Ак-Коргон, Ак-Там, Ала-Бука, Көк-Серек, Көк-Таш, Өрүктү жана Т.Балтагулов айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Боронбаев Тургуналы Жолчуевич, Ала-Бука АШКнын төрагасы)

14. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун                   Тоң районунун Тоң, Күн-Чыгыш, Төрт-Көл, Б. Мамбетов, Көл-Төр,                   Ак-Терек, Көк-Мойнок и Улахол айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы -Абдыкеримов Руслан Сарымсакович, Тон АШКнын төрагасы)

15. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңшинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

(баяндамачы –Амантурова Чинара Кыдыкбековна, Каракол АШКнын төрагасы)

16. Ар кандай маселелер

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>