Талас облусунун  Манас районунун 5 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды

25 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 24-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Манас районунун Кайыңды,Покров,Үч-Коргон,Май жана Кыргызстан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Манас аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитти.

Манас аймактык шайлоо комиссиясына шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттоо жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшыруу жүктөлдү. 

Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40,51,62-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү