Кыргызстандын бир катар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өтүп жатат

19 марта 2013

Бүгүн, 19-мартта  Кыргызстандын бир катар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өтүп жатат. Тактап айтканда, бүгүн төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо болуп жатат:

- Ысык-Көл районунун Өрүктү айылдык аймагынын;

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Орточор, светлая Поляна айылдык аймактарынын;

- Талас облусунун Талас районунун Көк–Ойрок айылдык аймагынын, Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылдык аймагынын;

- Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылдык аймагынын, Нарын районунун Ак-Кудук айылдык аймагынын;

- Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылдык аймагынын, Сокулук районунун Сокулук айылдык аймагынын;

- Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылдык аймагынын.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы