Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кызматтык автотранспортту мыйзамсыз сатып алуу жөнүндө маалыматты төгүндөйт
26 февраля 2013
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кызматтык автотранспортту мыйзамсыз сатып алуу жөнүндө маалыматты төгүндөйт жана автотранспорт Борбордук шайлоо комиссиясына автотранспортту сатып алууга каралган каражаттардын эсебинен алынганын билдирет.
Кызматтык зарылчылыкка, чет мамлекеттердин борбордук шайлоо комиссияларынын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушууларды уюштурууга, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн республиканын региондоруна кызматтык иш сапарларына байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы бюджеттин каражаттарына «Тойота Ленд Крузер» маркасындагы кызматтык автомашинаны жана кызматтык микроавтобусту сатып алган, булар пландаштырылган чыгымдардын сметасында каралган. Автотранспортту сатып алуу белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен макулдашылган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын автопаркы 12 жылдан бери жаңыланбаганын жана азыркы учурда белгиленген лимиттин чектеринде дагы бир нече кызматтык автомашина сатып алууга кошумча муктаждык бар экенин белгилей кетүү керек.
Кызматтык автотранспортту сатып алуунун жергиликтүү кеңештердин депутаттарына төш белгилерди жана күбөлүктөрдү берүү менен эч бир байланышы жоктугун көрсөтө кетүү зарыл. Депутаттык төш белгилер менен күбөлүктөрдү жасоодон жана өткөрүүдөн алынган каражаттар республиканын бюджетине багытталган жана мыйзамга жат болуп саналбайт, анткени «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жергиликтүү кеңештердин депутаттары төш белгилерди жана күбөлүктөрдү акысыз алууга тийиш деп айтылган эмес.
Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы кызматтык автотранспортту сатып алышы жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарына төш белгилер менен күбөлүктөрдү бериши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана жүргүзүлүп жатканын билдиребиз.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
