Башкы Жаңылыктар Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмеси жана …

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмеси жана референдумдун катышуучуларынын тизмеси түзүлүп, шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталында жайгаштырылды

02-Апр, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 1-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмесин Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) катышуучуларынын тизмесин шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталында - https://tizme.gov.kg/ жайгаштырды.

2021-жылдын 1-апрелине карата биротоло тизмедеги референдумдун катышуучуларынын саны 3 606 201 адамды түзөт, анын ичинде 1 725 849у – эркектер, 1 880 352и – аялдар же тийиштүүлүгүнө жараша 47,86% жана 52,14%.

2021-жылдын 1-апрелине карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмесиндеги шайлоочулардын саны 3 318 130 адамды түзөт, анын ичинде 1 587598и – эркектер, 1 730532и – аялдар же тийиштүүлүгүнө жараша 47,85% жана 52,15%.

2021-жылдын 4-апрелине чейин (добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен) референдумдун катышуучуларынын тизмелери 2483 шайлоо участогунда илинет.

2021-жылдын 9-апрелине чейин (добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелери 2273 шайлоо участогунда илинет.

Урматтуу шайлоочу! Өзүңүздүн шайлоо участогуңузду (номурун жана дарегин) төмөнкүдөй тактап аласыз:

  • шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталында - https://tizme.gov.kg/;
  • 1255 номуруна чалып (чалуу акысыз);
  • паспортуңузда көрсөтүлгөн ПИН-номуруңуз менен 119 номуруна чалып же СМС жөнөтүү менен (чалуу жана СМС акысыз), ошентип, Сиз шайлоо участогуңуздун номурун жана дарегин аласыз.

МААНИЛҮҮ! Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине жергиликтүү жамааттын – шаардын, айыл аймагынын мүчөлөрү киргизилет. Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгү жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо жөнүндө белги менен аныкталат (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 12-беренелери).

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо дареги паспорттогу жашаган жери көрсөтүлгөн дарекке/чиптеги жазууга дал келиш керек.

Добуш берүү күнү шайлоого катышуу укугуна ээ болгон, шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга киргизилди.

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>