Башкы Жаңылыктар КР БШК шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү үчүн …

КР БШК шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү үчүн бюллетендерди региондорго жана чет өлкөлөрдөгү участокторго жөнөттү

01-Апр, 2021

2021-жылдын 1-апрелинде «Учкун» ААК имаратында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн даярдалган шайлоо бюллетендерин алуу-өткөрүү актысына кол коюлуп, ал бюллетендер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактык шайлоо комиссияларына, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү участокторго жөнөтүлдү.

Референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) өткөрүү үчүн 3 600996 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 4 966 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.

Бишкек шаарына – 415 978, Ош шаарына – 150 346, Жалал-Абад облусуна 673327, Ош облусуна – 732963, Баткен облусуна – 299847, Нарын облусуна – 206313, Ысык-Көл облусуна – 311935, Талас облусуна – 160212, Чүй облусуна – 595887, чет өлкөлөрдөгү участокторго 54189 бюллетень жөнөтүлдү.

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 1045692 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 1196 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.

Жалал-Абад облусуна – 479421, Ош облусуна – 621421, Баткен облусуна – 188358, Нарын облусуна – 160644, Ысык-Көл облусуна – 228920, Талас облусуна – 130342, Чүй облусуна – 451606 бюллетень даярдалды.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн бардыгы 6907400 бюллетень даярдалды.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык мажоритардык система боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо бир шайлоо бюллетени даярдалып, аларда талапкерлердин фамилиялары, аты-жөндөрү кошумча көрсөтүлөт, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу система боюнча шайлоодо шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын аталыштары чүчүкулак менен белгиленген кезекте кошумча көрсөтүлөт.

“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык участоктук шайлоо комиссияларына өткөрүп берилүүчү добуш берүү үчүн бюллетендердин саны участок боюнча референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын санынын 0,1 пайыздан ашуусу мүмкүн эмес (иш жүзүндө – 1 УШКга 1-2 бюллетенден ашпайт).

БШК мүчөлөрү, БШК аппаратынын кызматкерлери курамына киргин жумушчу топ «Учкун» ААКта бюллетендерди басып чыгаруу процессине үзгүлтүксүз (күнү-түнү) байкоо жүргүзүп турду. «Учкун» ААКтын цехинде жабдыктардын комплектиси орнотулуп, анда референдумду жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн басылып чыгуучу бюллетендер тесттен өткөрүлдү. УКМК менен ИИМдин кызматкерлери кайтарууну камсыз кылышты.

Шайлоо бюллетенинин жана добуш берүү үчүн бюллетендин коргоосу жогорку даражада аткарылат, аларга автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди таанып, окуусу үчүн коргоочу атайын боёк сүртүлөт.

Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн көгүш түстөгү бюллетень, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн түсү жок бюллетень даярдалды.

Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет.

Шайлоо бюллетендери жана добуш берүү үчүн бюллетендер коопсуздуктун бардык чаралары камсыздалып, атайын байланыш транспорту менен жөнөтүлүүдө.

Жараксыздарын иргеп салуу жол-жобосунан кийин бюллетендердин 1167 килограммы жок кылынды, анын ичинде 964 килограммы – жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн бюллетендер жана 203 килограммы Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн бюллетендер.

Маалымат үчүн:

Басмакана добуш берүү үчүн бюллетендердин жараксыздарын иргеп салгандан кийин бюллетендерди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендерин КР БШКнын кеминде 3 мүчөсүнүн, саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн, “макул” топтун, “каршы” топтун 2ден ашпаган өкүлдөрүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүп бергенден кийин жараксыз деп иргелген жана ашык бюллетендер жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага катышкан адамдардын бардыгынын колу коюлат.

КР БШК Маалымат бөлүмү

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>