Башкы Жаңылыктар КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары …

КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти

16-Дек, 2012

2012-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти.

Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Баткен облусунун Баткен шаардык, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Кадамжай, Лейлек жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти.

Жалал-Абад облусу боюнча КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти.

Ысык-Көл облусу боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилди. Шайлоонун натыйжалары жөнүндө токтомду кабыл алууда тиешелүү түрдө Ысык-Көл районунун №3026 жана Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык округунун №3134 участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды.

Ошондой эле КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Нарын шаардык, Ат-Башы, Ак-Талаа,  Жумгал,  Кочкор,  Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти. КР БШКнын мүчөлөрү «Жан-Булак» шайлоо округунда Нарын районунун Жан-Булак айылдык кеңешин жана «Орто-Саз - Ак-Кыя» шайлоо округунда Чет-Нура айылдык кеңешин шайлоонун натыйжаларын бекиткен жок.

КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти. Шайлоонун натыйжалары жөнүндө токтомду кабыл алууда Араван районунун №5352 жана Кара-Суу районунун №5245, №5198 участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды.

КР БШКнын мүчөлөрү Талас шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп тапты жана Талас шаарынын №6108 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө Талас шаардык АШКнын 2011-жылдын 30-ноябрындагы №15 токтомун жокко чыгарды. Талас шаарынын калган бардык участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жарактуу деп табылды. Талас облусу боюнча бүтүндөй алганда, КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Талас шаардык, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти.

Чүй облусу боюнча КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти. Токтом кабыл алууда КР БШКнын мүчөлөрү Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин №7281 шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө №16 Москва аймактык шайлоо комиссиясынын жана тиешелүү түрдө №7057 шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын таануу жөнүндө №12 Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун жокко чыгарды. Сокулук районунун №№7230, 7231, 7233, 7235, 7237, Москва районунун №№ 7273, 7280, Жайыл районунун №7327 жана Аламүдүн районунун №7188, 7194 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды.

Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>