Башкы Жаңылыктар Айрым шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептөө жүргүзүлдү

Айрым шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептөө жүргүзүлдү

06-Дек, 2012

Бүгүн, 2012-жылдын 6-декабрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.

Бишкек шаарынын прокурору Т.А. Кожоновдун жана Ош облусунун Өзгөн районунун прокурору С.К. Мамыровдун 2012-жылдын 6-ноябрында келип түшкөн сунуштарын карап чыгып, КР БШКнын мүчөлөрү депутаттыкка катталган талапкерлер тиешелүү түрдө Тулобаев Балбакты жана Каримов Бекболотту жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

КР БШКнын мүчөлөрү ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешинин №3041 Семеновка көп мандаттуу шайлоо округу боюнча чечим кабыл алды. Чечимге ылайык Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн катышуусунда №3041 шайлоо участкасында шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептөөнү жүргүзүүгө тийиш.

Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин арыздарында көрсөтүлгөн талаптарды канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды. Атап айтканда, талапкерлер Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жараксыз деп табууну өтүнгөн. КР БШКнын мүчөлөрү ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешинин № 4 Батыш көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин №3189 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартты.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы №3135 Таш-Кыя УШКда жана №3137 Бурма-Суу УШКда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча даттанууларды карап чыгып, КР БШКнын мүчөлөрү Ак-Суу АШК шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептеп чыксын деген чечимди кабыл алды. Шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептөө ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылдык кеңешинин №3122 шайлоо участкасында жүргүзүлдү.

КР БШКнын мүчөлөрү жыйналышта ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районундагы №№7208, 7230, 7231, 7237, 7258 шайлоо участкалары боюнча чечим кабыл алды. Чечимге ылайык Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы), саясий партиялардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын сөзсүз катышуусу менен шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептөөнү жүргүзүүгө тийиш.

КР БШКга келип түшкөн депутаттыкка талапкерлердин добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түзүүдө шайкеш эместиктерге арыздары менен даттанууларына жана Талас облусунун: Талас районундагы №№, 6074, 6076, 6084, 6090, 6095, 6098,  6099, Бакай-Ата районундагы №6066 жана Кара-Буура районундагы №6031 шайлоо участкаларында добуштарды кайрадан эсептөөнү жүргүзүү өтүнүчтөрүнө байланыштуу КР БШКнын мүчөлөрү жогоруда саналган участкаларда БШКнын мүчөсүнүн, саясий партиялардын, талапкерлердин, коммерциялык эмес уюмдардын милдеттүү түрдө катышуусу менен добуштарды кайрадан эсептөөнү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Талас шаарына келсек, КР БШКнын мүчөлөрү Талас облусунун Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 27-ноябрындагы №14 чечиминин №№ 6106, 6111 шайлоо участкаларында бюллетендерди кайрадан эсептөөнү жүргүзүүдөн баш тартуу бөлүгүн жокко чыгарууну, калган бөлүгүн күчүндө калтырууну чечти. Талас облусунун Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык №№ 6106, 6111 шайлоо участкаларында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн, тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын, саясий партиялардын, талапкерлердин, коммерциялык эмес уюмдардын милдеттүү түрдө катышуусу менен бюллетендерди кайрадан эсептөөнү жүргүзүүгө тийиш.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>