ЖМК өкүлдөрү үчүн КР БШКнын төрагасынын пресс-конференциясы
29 ноября 2012
Бүгүн, 2012-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз-борборунда КР БШК төрагасы Туйгуналы Дүйшөналиевич Абдраимовдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн пресс-конференциясы өттү.
КР БШК төрагасы Т.Абдраимов үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан Кыргыз Республикасынын жарандарына ыраазычылыгын билдирди.
Ал, жалпысынан республика боюнча жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого алдын ала маалымдоолорго карата 48,67% шайлоочу катышкандыгын айтты. Бишкек шаарында 35,85% шайлоочу добуш берген, Чүй облусунда –47,50%, Ош облусунда – 57,80%, Жалал-Абад облусунда – 53,10%, Баткен облусунда – 44,13%, Ысык-Көл облусунда – 48,63%, Нарын облусунда – 51,50%, Талас облусунда – 56,60%.
КР БШК төрагасы ЖМКлардын өкүлдөрүнө “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1 беренесине ылайык талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызы берилген саясий партиялар депутаттык мандаттарды алышаарын белгиледи. Алсак, алдын ала маалыматтар боюнча Бишкек шаардык кеңешине шайлоочулардын добушунун 7% көбүн алган төмөндөгү 4 саясий партия өтө тургандыгын айтты: КСДП (32,83%), «Республика» (18,07%), «Ата Мекен» (10,24%) и «Замандаш-Современник» (9,6%). Ошондой эле ал башка 24 шаардык кеңештерине шайлоонун алдын ала натыйжаларына токтолуп кетти.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып КР БШК төрагасы Т. Абдраимов келип түшүп жаткан кайрылууларга, даттанууларга жана арыздарга байланыштуу аймактык шайлоо комиссиялары айрым участкалардагы шайлоочулардын добуштарын кайрадан саноо жөнүндө чечим кабыл алгандыгын айтты. Атап айтканда Бишкек шаарында 14 УШКда кайрадан саноо өткөрүлгөн. Ысык-Көл облусунда 3 УШКда кайрадан саноо өткөрүлөт, Талас облусунда 2 УШКда, Нарын облусунда 3 УШКда. Чүй облусунда 3 УШКда, Жалал-Абад облусунда 7 УШКда кайрадан саноо өткөрүлөт. Ошондой эле БШК төрагасы КР БШК мүчөлөрү шайлоочулардын добуштарын кайрадан саноого катышуу үчүн облустарга жөнөп кетишкендигин айтты, анткени “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык КР БШКнын мүчөсүнүн саноого катышуусу милдеттүү.
Пресс-конференцияны бүтүрүп жатып Т. Абдраимов ЖМКлардын өкүлдөрүн Борбордук шайлоо комиссиясы бузуулар белгиленген жана алар жөнүндө мыйзамга ылайык арыз түшкөн бардык шайлоо участкаларында кайрадан добуштарды саноого даяр экендигин ынандырды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз борбору
