БШКнын Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу жана коомдук байкоочулар шайлоодо шайлоо фонддорун каржылоонун ачык-айкындыгына мониторингдин жыйынтыгын талкуулашты
10 марта 2021
«Жалпы иш» КФ шайлоодо талапкерлер тарабынан шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоонун ачык-айкындыгына мониторингдин натыйжаларын кѳрсѳттү. Иш-чаранын негизги максаты – шайлоодо талапкерлердин акча каражаттарынын келип түшүшүнүн жана чыгымдалышынын ачык-айкындагын камсыз кылуучу укуктук нормалар жана тажрыйбалар талкууланды.
Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун жетекчиси Г.М. Баатырова Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун иши, банк маалыматтарынын негизинде шайлоо мезгилинде талапкерлердин, саясий партиялардын акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын контролдоо боюнча, финансылык отчетторго аудит боюнча, иштелип чыгып жаткан электрондук платформа жана анын колдонулушу боюнча милдеттер жѳнүндѳ баяндады. Ал бул иш-чаранын маанисин жана мамлекеттик органдардын, банк мекемелеринин, жарандык сектордун уюмдарынын ѳкүлдѳрү менен финансылык ачык-айкындык бѳлүгүндѳ мыйзамдарды ѳркүндѳтүү максатында диалогдун актуалдуулугун белгиледи.
Facebookдо саясий жарнамага кеткен чыгымдардын монитороинги маселеси, шайлоо фонддоруна акча каражаттарын которгондорду талдоо, шайлоо фонддорунун ачык-айкындыгы боюнча презентация менен “Жалпы иш” КФнын ѳкүлдѳрү: тѳрагасы - А. Суйундуева, СММ аналитиги – М. Алимбаева, шайлоо боюнча эксперт - Б. Самаков чыгып сүйлѳштү.
Шайлоого коомдук байкоочулар катары алар мыйзамдардын нормаларына тийиштүү ѳздѳрүнүн кѳз караштарын айтышты. Алардын пикири боюнча:
-шайлоо жѳнүндѳгү колдонуудагы мыйзамдарда саясий партиялар кѳрсѳтүшкѳн талапкерлердин пайдасына алардын акча каражаттарын чегерүүсү так эмес кѳрсѳтүлгѳн,
- ѳз ыктыяры менен чегерген демѳѳрчү адамдардын акча каражаттарынын чыгуу булактарына талдоо жүргүзүүгѳ мыйзам нормалары бѳгѳт болууда,
- талапкерлердин шайлоо фондуна демѳѳрчүлүк кылган суммалардын чеги бирдей эмес болууда,
- 2020-жылдын ноябрында агитаторлордун жана талапкерлердин ѳкүлдѳрүнүн акысыз негизде кызмат кѳрсѳтүүсүнѳ уруксат берүү бѳлүгүндѳ шайлоолор жѳнүндѳ мыйзамга киргизилген ѳзгѳртүү мыйзамдын башка беренесине карама каршы келип калган,
- шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп жарыяланган учурда саясаий партияларга шайлоо күрѳѳсүн кайтарып берүүгѳ байланышкан норма жок, ж.б.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоо жана финансылык ачык-айкындаган камсыз кылуу боюнча мыйзамдардагы нормалар жѳнүндѳ БШКнын Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун маалыматы менен БШК КТТ мүчѳсү Раида Баширова чыгып сүйлѳдү. Анын сѳзүндѳ шайлоо ѳнѳктүгүнүн финансылык ачык-айкындыгы Кыргыз Республикасында Ачык Өкмѳттү түзүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планынын стратегиялык милдеттеринин бири болуп саналарына негизги басым жасалды. 2019-жылы шайлоо мыйзамдарына киргизилген ѳзгѳртүү бүгүнкү күндѳ шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоонун ачык-айкындыгынын эл аралык пинциптерине жооп берет.
Президентти шайлоо жѳнүндѳ конституциялык мыйзамдын беренелеринде шайлоо фонддорун түзүү боюнча нормалар так берилген жана мыйзамда белгиленген суммалардын чектерине ылайык демѳѳрчүлѳрдүн ар кандай категорияларынын аларды толукташынын булактары кѳрсѳтүлгѳн.
Талапкерлердин, саясий партиялардын акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жѳнүндѳ маалыматтарды жарандык коомго,кызыктар тараптарга берүү саясий ѳнѳктүктүн ачыктыгын ѳнүктүрүүнүн алгачкы кадамдары болуп саналат.
Жакынкы убакты иштей турган электрондук платформаны түзүү каржылоонун ачык-айкындыгы үчүн кийинки кадам болуп саналат. Бул акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын, демилгечи топтордун шайлоо фонддорунун акча каражаттары боюнча маалыматтарды камтыйт жана чагылдырат, ыфинансылык отчетторду түзүү, чыгашалар сметасын пландоо мүмүкүнчүлүгүн берет, шайлоону, референдумду уюштурууга жана ѳткѳрүүгѳ республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн каражаттар боюнча эсеп жүргүзүүгѳ жана отчет берүүгѳ жардам берет.
Аны ишке киргизүү мультипликативдик натыйжа берет: бул жерде болуп ѳткѳн жана боло турган бардык шайлоо ѳнѳктүгүнүн бардык шайлоо фонддору боюнча бардык маалыматтар сакталат, бул фискалдык, укук коргоо органдары үчүн аган эмес, ошондой эле бардык жаран-шайлоочуга шайлоо фонддоруна ѳз ыктыяры менен акча чегеришкен жарандардын тѳгүмдѳрүнүн легитимдүүлгүн иликтѳѳ үчүн жакшы негиз болуп саналат, бул саясий партиялардын ишинин толук финансылык ачык-айкындыгынын комплексинде алардын каржысын чагылыдыруу үчүн аянтча болушу абзел.
Андан ары ал шайлоо мезгилиде БШК кеңири маалыматтык ѳнѳктүктү жана окутуу тренингин ѳткѳрѳрүн, анын максаты ЖМК жана коомчулукка талапкердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорун каржылоонун ачыктыгы бѳлүгүндѳ мыйзам нормаларын тааныштыруу гана эмес, ошондой эле саясий ишмердикти каржылоо системасы канчалык ачык-айкын болсо, ал ошончолук коррупцияга чалдыкпай тургандыгын шайлоо процессинин катышуучуларынын жакшылап түшүнүүсүнѳ жардам берерин белгиледи. БШК каржылоонун ачыктыгын саясий ѳнѳктүктү ѳткѳрүүнүн маанилүү компоненти деп эсептейт. Кабыл алынган чаралар ѳлкѳ жана БШК үчүн келечекте бул процессти андан ары ѳркүндѳтүүдѳ маанилүү.
Жалпысынан презентацияланган материалда иш-чарада кѳтѳрүлгѳн дээрлик бардык маселелер боюнча жооп камтылган, бирок БШК КТТ мүчѳлѳрү менен “Жалпы иш” КФнын эксперттеринин ортосунда пикирлер дал келген жок.
Талкуулоонун жүрүршүндѳ тегерек столдун катышуучулары социалдык түйүндѳр аркылуу үгүт жүргүзүү жана бул каражаттарды финансылык отчеттун ѳзүнчѳ сабына киргизүү, электрондук капчыктары пайдалануу мүмүкүнчүлүгү боюнча, чет ѳлкѳлѳрдѳн акча которуу боюнча, шайлоо фонддоруна жана шайлоо штабдарында и штеп жатышкан адамдарга салык салуунун бирдиктүү механизмин белгилѳѳ боюнча, эң башкысы – саясий партиялардын укуктук маданиятын кѳтѳрүүнүн жана талапкерлердин аң-сезимин жогорулатуунун зарылчылыгы, саясий жактан калыс, акыйкат жана каржылык жактан ачык иштѳѳ боюнча ар түрдүү маселелерди кѳтѳрүштү.
Иш-чаранын соңунда Г.М. Баатырова ѳткѳн шайлоолордо талапкерлердин шайлоо ѳнѳктүгүнѳ монитроинг жүргүзгѳндүгү үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирүү менен, шайлоолорду ѳткѳрүүгѳ байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча финасылык отчетторго жасалган сунуштар иликтѳѳгѳ алынарын жана шайлоо укугун андан ары ѳркүндѳтүүдѳ жана шайлоо ѳткѳрүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу процессинде эске алынарын белгиледи.





КР БШК маалымат бѳлүмү
