КР БШКнын мүчөлөрү Бишкек шаарынын №№1321, 1323 жана 1324 шайлоо участкаларында көчмө ящиктер боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жараксыз деп тапты
27 ноября 2012
Бүгүн, 2012-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.
КР БШКнын мүчөлөрү 2012-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары жайдан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү жол-жоболорун бузгандыгына «Коалиция за демократию и гражданское общество» коомдук бирикмесинин жана бир катар саясий партиялардын жетекчилеринин кайрылуусун эске алып, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42, 43-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1, 2, 3-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1, 2-пункттарды жетекчиликке алып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жайдан тышкары жерде добуш берүүнү өткөрүү жол-жобосун текшерүү зарыл болгон участкалык шайлоо комиссияларынын тизмесин аныктоону сунуш кылуу чечимин кабыл алды.
Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү сунуш кылынган материалдарды, ошондой эле Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы К.Маматовдун докладын талкуулап, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 25-ноябрындагы №33 чечимин негиздүү кабыл алынган деп тапты. КР БШКнын мүчөлөрү ошондой эле Бишкек шаарынын №№1321, 1323 жана 1324 шайлоо участкаларында көчмө ящиктер боюнча добуш берүү үчүн жайлардан тышкары жерде добуш берүүнү жараксыз деп тапты.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
