Борбордук шайлоо комиссиясы эске салат: КР БШКда “түз байланыш” иштейт

25 ноября 2012

Бүгүн, шайлоо күнү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “түз байланыш” иштейт. Өзүн кандайдыр бир себеп боюнча шайлоочулардын тимзесинен таппай калган шайлоочулар 0-312-62-09-09 телефон аркылуу кайсы тизмеге киргизилгендиктерин тактап алышса болот. Маалымат алуу үчүн фамилиясын, атын, атасынын атын билдирүү зарыл.

БШК түз байланышы шайлоо участкалар жабылганга чейин б.а. 19.00гө чеийн иштейт.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы