25 - ноябрь – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнү
25 ноября 2012
Бүгүн, 2012-жылдын 25-ноябры - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнү. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү саат 8.00дөн 19.00гө чейин жүргүзүлөт.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 25 шаарда жана 416 айылдык аймактарда өтөт.
“Жергиликтүү кеңештердин депутатарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бардык участкалык шайлоо комиссиялар ачылды. Жалпысынан шайлоону 2027 участкалык шайлоо комиссиялар өткөрүп жатат.
Бүгүн, добуш берүү күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында 25 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоочулардын келиши 10:00, 13:00, 16:00 и 20:00 сааттарда http://cec.shailoo.gov.kg/ ссылкасы боюнча чагылдырылып турат.
Эскерте кетсек Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарымдарынын мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” № 204 Жарлыгы менен шайлоо 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
