Шайлоо күнү КР БШКда “түз байланыш” иштейт

24 ноября 2012

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы “түз байланыш” иштейт. Шайлоо күнү шайлоочулар алар кайсы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендигин 0-312-62-09-09 телефон номери аркылуу билип алса болот. Бул үчүн шайлоочу фамилиясы, аты, атасынын аты тууралу маалыматты айтып берүүгө тийиш.

КР БШКнын түз байланышы 2012-жылдын 25-ноябрында шайлоо участкалар жабылганга чейин б.а. саат 19.00гө чейин иштейт.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы