Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын өкүлдөрүнө шайлоо талаштары боюнча байкоочулар үчүн чакан окуу куралдарды таратып берди
23 ноября 2012
Бүгүн, 2012-жылдын 23-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрүнө шайлоо талаштары боюнча байкоочулар үчүн чакан окуу куралдарды таратып берди. Аталган окуу курал БШКнын Шайлоо технологиялары борборунун жана Жогорку Сотунун катышуусунда IFES уюмунун адистери тарабынан иштелип чыккан.
Байкоонун негизги максаты – шайлоону даярдоодо, добуш берүүнү өткөрүүдө жана добуштарды эсептөөдө мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу. Көпчүлүк учурда байкоочу добуш берүүнүн жүрүшүндө, анын жыйынтыктарын аныктоодо пайда болгон талаш учурларды чечүүгө жардам бере турган арбитр катары ишти алып жүрөт. Байкоочулардын шайлоо участкаларындагы аракеттери добуш берүүнүн натыйжаларын бурмалоо аракеттерин, шайлоолорду өткөрүүнүн жол жоболорунун ар кандай бузууларын жокко чыгарууга жардам берет.
Ушуга байланыштуу, аталган окуу куралда бузулуштарга жол берген АШКга же УШКга кайрылуулардын, арызга тиркеле турган шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузуу жөнүндө актылардын формаларынын, жогору турган комиссияга даттануунун болжолдуу үлгүлөрү берилген.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
