Башкы Жаңылыктар БШК, Башкы прокуратура жана ИИМ шайлоонун азыркы этабындагы …

БШК, Башкы прокуратура жана ИИМ шайлоонун азыркы этабындагы мыйзам бузуулар боюнча көрүлгөн чараларды талкуулап, ЫЧКТнын шайлоо процессинин аяктоочу этабындагы милдеттерин талкуулады

31-Дек, 2020

2020-жылдын 30-декабрында КР БШК Төрагасы Н. Шайлдабекованын төрагалыгы алдында Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун БШКнын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттешүү маселелери, 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо мезгилинде шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү боюнча жыйналышы болуп өттү.

Жыйналышка ЫЧКТнын төмөнкү мүчөлөрү катышты: КР БШК мүчөсү Шайназаров Т.У., КР Башкы прокурорунун орун басары Молдокматов А.М., КР Ички иштер министринин орун басары Урмамбетов О.Ж., КР УКМКнын өкүлдөрү, ИИМ менен Башкы прокуратуранын бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери, ошондой эле укук коргоо органдарынын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жана аймактык шайлоо комиссияларынын жетекчилери катышты.

Жыйналышта ЫЧКТнын алкагында КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшүндө бузуулар боюнча арыздар, маалыматтык билдирүүлөр, шайлоо өнөктүгүнүн аяктоочу этабындагы иштердин план-графиги талкууланды.

Бузууларга ыкчам чара көрүү жана көрүлгөн чаралар тууралу жарандарга маалымдоо боюнча милдеттер коюлду. Карап чыгуунун конституциялык мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана тартибин сактоо маселеси айрыкча белгиленди.

 ЫЧКТда жарандарга андан ары ар тараптуу маалымдоо үчүн аткарылып жаткан иштердин жүрүшү, бузуу фактылары боюнча көрүлгөн чаралар,  тиешелүү учурларда териштирүүнү токтотуунун конкреттүү негиздери тууралу толук маалымат берүүнүн зарылдыгы белгиленди.

ИИМ тараптан ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө жокко чыгарылган, токтотулган иштер, ошондой эле учурдагы иш-чаралардын жүрүшү тууралу кеңири негиздеме берип туруу боюнча тиешелүү тапшырма берилди.

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин ЫЧКТга шайлоо процессин бузуулар тууралу 34 билдирүү түштү, алар текшерүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү. Анын ичинде: 9у – шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча; 9у – шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча; 2өө – шайлоо укуктарына тоскоолдук кылуу боюнча; 1өө – бейбаштык боюнча; 8и – администрациялык ресурсту кыянат пайдалануу боюнча; 5и – башка бузуулар боюнча. Бир катар билдирүүлөр шайлоо субъектилеринин арыздары, дагы бир бөлүгү ЖМКлардагы, социалдык түйүндөрдөгү ж.б. билдирүүлөр боюнча ЫЧКТда каралды.

Өткөндөгү өнөктүктүн сабактарын эске алып, шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча иш жүргүзүү шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча мамлекеттик органдардын ишиндеги артыкчылыктуу багыт болуп саналат.

БШКда өз ара аракеттешүү борбору – ЫЧКТ катчылыгы түзүлгөн. Ал түшкөн билдирүүлөрдү күн сайын топтойт, талдайт, мыйзамдарга ылайык ыкчам текшерүү жана чара көрүү үчүн маалыматтарды райондук жана шаардык ЫЧКТларга жөнөтөт. Катчылыктын ишинин план-графиги иштелип чыккан. Борбордук ЫЧКТ менен аймактык ЫЧКТлардын өз ара аракеттешүүсү күндө туруктуу негизде жүргүзүлөт.

 Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын жетекчилери, УКМКнын өкүлү өз сөздөрүндө бузуу фактыларын текшерүү, ошондой эле КР БШКнын ЫЧКТсынын Реестринде катталган сотко чейинки териштирүүлөр боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чаралары тууралу ЫЧКТга маалымат беришти.

КР Башкы прокурорунун орун басары Молдокматов А.М. КР БШКнын ЫЧКТсына түшкөн бардык билдирүүлөр боюнча укук коргоо органдары көрүп жаткан чараларга прокуратура органдары тараптан жүргүзүлгөн көзөмөл тууралу малымат берди.

Жыйналыштын катышуучуларына мурда эсепке алуу журналына катталып, андан ары номенклатуралык иштерге жокко чыгарылган билдирүүлөр боюнча түшүндүрмө берилди.

Аталган маселелерди талкуулоодо укук коргоо органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн, атап айтканда Өзгөн, Кара-Суу, Панфилов райондорунун жетекчилеринин сөздөрү онлайн–видеоконференция алкагында угулду.

КР ИИмдин Тергөө кызматынын начальниги, милиция полковниги С.Т. Айткурманов КР БШКнын ЫЧКТсына түшкөн 9 билдирүү боюнча материалдар шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча маалыматтар ырасталбагандыгына жана жазык (жорук) курамы болбогондугуна байланыштуу номенклатуралык иштерге жокко чыгарылгандыгын айтты. Ошондой эле ал шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча  2020-жылдын 29- декабрында “Жалпы иш” коомдук фондунан түшкөн 12 билдирүү боюнча жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө кабарлады.

КР Ички иштер министринин орун басары Урмамбетов О.Ж. КР ИИМ органдары тарабынан көрсөтүлгөн окуялар боюнча териштирүүнүн материалдарын КР БШКнын ЫЧКТсына ыкчам берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Алар тууралу маалымдоо Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын добуштарын сатып алуу  жана администрациялык ресурсту кыянат пайдалануу деңгээлин болтурбай коюуга жана төмөндөтүүгө оң таасир тийгизет.

Добуш берүү күнүнө чейин калган 10 күн ичинде укук коргоо органдарынын сотко чейинки териштирүүлөрүнүн натыйжалары боюнча КР БШКнын ЫЧКТсы тараптан контроль күчөтүлөт.

КР БШКнын ЫЧКТсынын төрагасы ЫЧКТ иши БШКнын сайтындагы ЫЧКТ реестрине маалымат берүү аркылуу жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле прокуратура органдарынын, КР ИИМдин жана УКМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда добуш берүү күнүнө чейин жана добуш берүү күнү дайыма өткөрүлүүчү брифингдерде үзгүлтүксүз чагылдырыларын белгиледи.

КР БШК маалымат бөлүмү

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>