Башкы Жаңылыктар БШК башкаруунун башка түрүн колдогон катышуучуларга бирдей шарттарда …

БШК башкаруунун башка түрүн колдогон катышуучуларга бирдей шарттарда жана көлөмдө акысыз обо убактысын берүүнү КТРКга сунуштады

29-Дек, 2020

БШК башкаруунун башка түрүн колдогон катышуучуларга бирдей шарттарда жана көлөмдө акысыз обо убактысын берүүнү КТРКга сунуштады

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 29-декабрындагы жыйналышында “Парламенттик республика үчүн” үгүт тобунун жетекчиси Д.Д.  Бекешевдин кайрылуусун эске алууну чечти.

2020-жылы 24-декабрда “Парламенттик республика үчүн” үгүт тобунун жетекчиси Д.Д.  Бекешев КР БШКнын дарегине кат жүзүндө кайрылды, ал өз катында 2020-жылдын 23-декабрында КТРК каналында саат 19:00дөн 20:00гө чейин башкаруунун президенттик формасы үчүн үгүт өтүп, анда 01:24 мүнөттөн 04:12 мүнөткө чейин Кыяс Молдокасымов президенттик республиканы керек экендигин айтты. Мындан тышкары, ал видео https://www.youtube.com/watch?v=Flkb2USGHC4&feature=youtu.be шилтемеси боюнча YouTube видеохостингинде жарыяланды.

Арыз берүүчү БШКны чара көрүп, КТРКны жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү органдарга кайрылууну өтүндү.

Мындан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 115 токтому менен бекитилген “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” Жобонун 8-пунктуна ылайык Жумушчу топ тарабынан шайлоо процессинин субъектилери жол берген бузууларга байкоо жүргүзүү алкагында КТРК тараптан бузуулар аныкталды.

Атап айтканда, КТРКнын расмий интернет порталында https://www.youtube.com/watch?v=Flkb2USGHC4&feature=youtu.be шилтемеси боюнча “Башкаруу формасын эл тандайт” деген ат менен “МАЕК” берүүсү жарыяланган, ага КТРК тараптан Конституциялык кеңешменин эксперттери чакырылган.

Бул материалды калыс жана ар тараптуу кароо үчүн Жумушчу топтун жыйналышына “Парламенттик республика үчүн” үгүт тобунун жетекчиси Д.Д.  Бекешев, КТРКнын башкы директорунун орун басары Ж. Уракунова, “Ала-Тоо 24” продюсери С. Соурбаева жана укук маселелери боюнча директор М. Толонов чакырылган.

Иштин материалдарын изилдеп, тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, шилтемеде көрсөтүлгөн видеороликти комплекстүү изилдеп, төмөнкүлөрдү белгилейбиз. Ал видео 2020-жылдын 23-декабрында “Ала-Тоо 24” маалымат программасында чыккан. Иш жүзүндө КТРК “Ала-Тоо 24” жаңылыктар берүүсүнүн маалымат блогунда 3 мүнөттөн ашык убакыттын тогошунда башкаруунун президенттик түрү жөнүндө маалыматты чагылдырат.

 Ошол эле учурда “Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы №6 Мыйзамы менен 2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын бүт аймагында  референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүү дайындалган.

Ошого карабастан, үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында КТРК маалымат блогунда суроолордон башкаруунун бир түрүн гана чагылдырган.

КТРКнын расмий интернет порталында https://www.youtube.com/watch?v=Flkb2USGHC4&feature=youtu.be шилтемеси боюнча жарыяланган “МАЕК” берүүсүнө байланыштуу төмөнкүлөрдү белгилөө керек:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоорун талкуулоо үчүн Конституциялык кеңешменин төмөнкү эксперттери чакырылган: экономика илимдеринин кандидаты – А. Кадыралиев, укук  илимдеринин кандидаты – А. Абакирова жана көз карандысыз эксперт, юрист – А. Мамбеткадыров.

Жумушчу топтун жыйналышында КТРКнын өкүлдөрү Жумушчу топтун жүйөлөрүнө макул болушту жана эксперттерди катыштыруу менен башкаруунун парламенттик формасынын маселелери боюнча акысыз обо убактысын берүүгө, ошондой эле “Ала-Тоо 24” маалымат программасы аркылуу башкаруунун парламенттик формасы тармагындагы эксперттерди катыштырып, түшүндүрүү, интервью берүүгө даяр экендигин билдиришти.

Ошону менен бирге “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамда (мындан ары – референдум жөнүндө конституциялык Мыйзам) минтип көрсөтүлгөн: “референдумдун катышуучуларына маалымдоо – референдум өнөктүгү мезгилинде референдумдун катышуучуларына референдумга катышууга түрткү берүүгө көмөктөшүүгө, жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө жана референдумдун айкындыгына көмөктөшүүчү маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча иш. Референдумдун катышуучуларына маалымдоо үгүттүн элементтерин же белгилерин камтууга тийиш эмес”.

Референдум жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 2–беренесине ылайык “референдумдун маселелери боюнча үгүт - референдум өнөктүгү мезгилинде жүзөгө ашырылуучу жана референдумдун катышуучуларын референдум өткөрүүгө же аны өткөрүүдөн баш тартууга, референдумда добуш берүүгө же добуш берүүдөн баш тартууга, референдумга коюлган маселени колдоого же четке кагууга түрткү берүү максатындагы иш”.

Ушуга байланыштуу КТРК каналынын “Ала-Тоо 24” телеберүүсүндө чагылдырылган маалымат референдумдун маселелери боюнча үгүттүн белгилерин камтырын белгилей кетүү керек.

Референдум жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 23–беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык “Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча “макул” же “каршы” үгүт жүргүзүүгө укуктуу”.

Референдум жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 29–беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык “Телерадио уюму, мезгилдүү басма сөз басылмасынын редакциясы, “макул” топ, “каршы” топ жана референдумдун башка катышуучулары референдум маселелери боюнча үгүт жүргүзүүнүн тартибин бузган учурда, шайлоо комиссиясы укук коргоо органдарына, сотко, ошондой эле башка мамлекеттик органдарга укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу жөнүндө жана телерадио уюмун, мезгилдүү басма сөз басылмасынын редакциясын жана алардын кызмат адамдарын, “макул” топтун, “каршы” топтун мүчөлөрүн, референдумдун башка катышуучуларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштама менен кайрылууга тийиш”.

Референдум жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 25–беренесине ылайык “Мамлекеттик телерадио уюмдары референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн “макул” топко, “каршы” топко бирдей шарттарды камсыз кылууга милдеттүү”.

Мамлекеттик телерадио уюм “макул” топко, “каршы” топко берүүгө милдеттүү болгон акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү жумушчу күндөрү бир сааттан кем эмести түзүүгө тийиш. Мында акы төлөнүүчү обо убактысынын жалпы көлөмүнүн жарымынан кем эмеси “макул” топко, “каршы” топко референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча биргелешкен ачык кайым айтышууларды, башка ушундай үгүт иш-чараларын жүргүзүү үчүн гана берилүүгө тийиш. Акы төлөнүүчү обо убактысынын бул үлүшүн пайдаланууга карата “макул” топ, “каршы” топ бирдей негиздерде жетүүгө тийиш. Биргелешкен үгүттүк иш-чараларына катышуудан баш тартуу ушул бөлүккө ылайык берилүүчү акы төлөнүүчү обо убактысынын көлөмүнүн көбөйүшүнө алып келбейт.

Баяндалганды эске алуу менен процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрүн жана жүйөлөрүн угуп, Жумушчу топ берилген материалдарды изилдеп, арыз ээсинин КТРКнын башкаруунун парламенттик формасын колдогон көз карандысыз эксперттерди (3 экспертти) катыштыруу менен маалыматтарды бирдей чагылдыруу максатында берүүнү акысыз уюштурууга, ошондой эле “Ала-Тоо 24” маалымат программасы аркылуу башкаруунун парламенттик формасы тармагындагы эксперттерди катыштырып, түшүндүрүү, интервью берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө маалыматын эске алды.

КР БШК башкаруунун башка түрүн колдогон катышуучуларга бирдей шарттарда жана көлөмдө акысыз обо убактысын берүүнү КТРКга сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2–беренесин, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 18-беренелерин, “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” 2020-жылдын 26-июнундагы № 115 Жобону жетекчиликке алып кабыл алынды.

 

КР БШК маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>