Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 26-декабрындагы жыйынында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Респубикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгѳ) үгүт топторунун тѳмѳндѳгү финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн, аларга белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүктѳрдү берүү менен, каттоо боюнча токтом кабыл алды:
- Ормонова Гулбара Зулпукаровна, президенттик республика "үчүн” №5 үгүт тобу;
- Усубалиев Таалайбек Болотбекович, парламенттик республика “үчүн” №2 үгүт тобу.
КР БШКнын маалымат бѳлүмү