Башкы Жаңылыктар БШК КР референдумунда "Макул" (президенттик республика) №4 үгүт …

БШК КР референдумунда "Макул" (президенттик республика) №4 үгүт тобун каттады

23-Дек, 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 23-декабрында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда президенттик республика үчүн катар номуру 4 үгүт тобун каттоо токтомун кабыл алды.

2020-жылдын 23-декабрында КР БШКга президенттик республика үчүн экендигин билдирген үгүт тобун каттоо боюнча өтүнүч менен кайрылган. Топтун жетекчиси Б.Б.Бектурганова, топтун курамында 28 адамдан турат:

№

Аты жөнү

Туулган күнү, жылы

1

Бектурова Бибинур Бектуровна (жетекчиси)

09.11.1989

2

Рахатбеков Элдияр Рахатбекович

25.11.2002

3

Сабыралиев Кылымбек Анарбекович

01.01.2001

4

Самарбек кызы Айдана

27.10.2000

5

Сапаркулова Мээрим Сапаркуловна

28.02.2000

6

Тагайбек уулу Эсенкул

24.10.2002

7

Танабаева Элина Турсуналиевна

13.11.2001

8

Теңизбек кызы Айсырга

16.04.2000

9

Онолбаев Марленбек Дайырбекович

18.02.2000

10

Женишбек кызы Айзирек

01.01.2001

11

Абдималикова Айжаннат Абдималиковна

14.06.1996

12

Жумабек кызы Нурайым

11.09.1996

13

Акылбекова Бермет Юсупбековна

01.07.1999

14

Нурданил кызы Айбийкеч

16.11.2001

15

Асанбек кызы Акгүл

20.07.1993

16

Асыранбеков Калмырза Сапаркулович

31.08.2002

17

Кубатбекова Гульзар Жалгашбаевна

11.07.1987

18

Бабадинов Исхак Ормоналиевич

08.02.1997

19

Бекболсун кызы Айсулуу

21.07.1998

20

Додоева Жылдыз

06.11.2002

21

Мекенова Айзирек Максатбековна

10.01.2001

22

Мейманбеков Элдияр Мейманбекович

22.05.2002

23

Алмазбекова Айгерим Алмазбековна

30.03.1996

24

Иманалиева Айзуура Эрлановна

08.11.2002

25

Ысабаева Уулжан Ленжузбековна

16.06.2000

26

Ниязбекова Эркайым Ниязбековна

23.08.2000

27

Мамадалиева Айдена Шайлообековна

05.09.1998

28

Исабекова Аида

27.09.1995

Токтом Боршайком тарабынан Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт тобун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун чечимин эске алуу менен референдумга катышуучуларынын конституциялык укуктарын ишке ашыруунун жана сактоонун кепилдигин камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктун жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>