БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

23 декабря 2020

 КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 23-декабрдагы жыйынында Жалал-Абад жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, ваканттык депутаттык орундарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге берүү жөнүндөгү чечимин бекитүү токтомун кабыл алды:

Жалал-Абад:

Жалал-Абад шаардык кеңешинен - Элдос Таевдин ыйгарым укугу жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат "Акман Базар-Коргон" кирпич заводунун директору Улукбек Мирзабаевге тапшырылды.

Сузак району:

Көк-Арт айылдык кеңешинен - Нургазы Жолдошевдин ыйгарым укугу жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат жеке ишкер Мирбек Кумуевге берилген.

Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, ваканттуу депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге тапшыруу Жалал-Абад жана Сузак аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган. КР БШКСы да өз чечимин "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү