Башкы Жаңылыктар БШК үгүт эрежелери боюнча коомдук диалог өткөрдү

БШК үгүт эрежелери боюнча коомдук диалог өткөрдү

15-Дек, 2020

Бишкекте “Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо үгүт эрежелерин жана маалымат берүү жөнүндө” коомдук диалог өттү.

Иш-чараны КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте уюштурду.

КР Боршайкомунун төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу айтып берди.

“10-январда добуш берүү күнүндө 2 473 шайлоо участогу иштейт. Кыргызстандын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга 3 миллион 552 миң 583 шайлоочу катыша алат. 2017-жылы болуп өткөн президенттик шайлоого салыштырганда шайлоочулардын саны 16,14% же 274 080 адамга көбөйдү. Октябрда өткөн парламенттик шайлоого караганда шайлоочулардын тизмеси 29 миң шайлоочуга көбөйдү”, - деди ал.

БШК жетекчисинин айтымына караганда, форма №2 алып салгандан кийин Бишкекте жана Ошто электораттын чыгып кетүүсү пайда болгон. Бишкекте 80 миңдей адамга азайса, Ошто 30 миңдей азайган. Ал эми башка бардык шаарларда тескерисинче, электораттын келүүсү байкалган. Тизмеге өзгөртүүлөрдү 29-декабрга чейин ушул күнү кечке да киргизүүгө болот.

Бишкекте 228 участок, Ошто 80, Ош облусунда 512, Чүй облусунда 406, Жалал-Абад облусунда 449, Ысык-Көл облусунда 248, Нарын облусунда 171, Баткен облусунда 217, Талас облусунда 117 участок ачылса, чет өлкөлөрдө 48 участкалык шайлоо комиссиялары ачылаары такталды.

“2017-жылдагы президенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө болгону 27 мамлекетте 37 участок ачылган. 2020-жылы октябрда болгон Жогорку Кеңештин шайлоосунда чет өлкөлөрдө 45 шайлоо участогу түзүлгөн. 2021-жылдын 10-январында чет мамлекеттерде 48 шайлоо участогу ачылып иштей баштамакчы. Тарыхта биринчи жолу шайлоо участоктору КР Өкмөтүнө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын Москва жана Тюмень шаарларындагы өкүлчүлүктөрүндө иштей баштамакчы.

Эгер шаарлар боюнча карай турган болсок, 15 шайлоо участогу Россияда: Москвада 5 участок, 10 шаарда бирден участок: Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Южно-Сахалинск, Сургут, Тюмень шаарларында иштейт. Германияда үч участок: Берлин, Франкфурт-на-Майне, Бонн шаарларында, Казакстанда 2ден шайлоо участоктору: Нур-Султан жана Алматы шаарларында, Кытайда Пекин жана Гуанчжоуда, БАЭде Абу-Даби жана Дубайда, Түркияда Анкарада жана Стамбулда иштейт. Бирден шайлоо участогу Ашхабадда, Бакуда, Брюсселде, Вашингтондо, Венада, Дохада, Дүйшөмбүдө, Женевада, Исламабадда, Киевде, Куала-Лумпурда, Лондондо, Минскиде, Нью-Делиде, Парижде, Римде, Сеулда, Ташкентте, Тегеранда, Токиодо, Эль-Кувейтте, Эр-Риядда ачылат”, - деди. Н. Шайлдабекова.

Шайлоонун ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кыла турган технологиялар жөнүндө, электрондук портал жана шайлоочулардын тизмеси тууралуу КР БШКнын маалыматтарынын коопсуздугу жана программалык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Аскар Акимбаев айтып берди.

КР БШК төрагасынын орун басары, шайлоочуларга маалымат берүү боюнча жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бегматов 2021-жылдагы агитациялык кампаниянын жана маалымат берүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди.

Көзөмөлдөө-ревизиондук топтун мүчөсү Раида Баширова талапкерлердин шайлоо фонддорунун түзүлүшүнүн булактары жана чыгымдалышы жөнүндө презентация жасады.

Коомдук диалог Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерге шайлоо кампаниясын ак ниеттүү өткөрүү боюнча кайрылуу кабыл алуу менен аяктады.

Кайрылууда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана жарандык коом, таза жана эркин шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык шайлоо стандарттарына толук туура келгендей өткөрүүгө чакырышат.

Бул үчүн талапкерлерди шайлоо кампаниясын ачыктык жана өз ара сыйлашуу принциптери менен өткөрүүгө, шайлоого катышып жаткан талапкерлер жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен конструктивдүү диалог өткөрүүгө, атаандаштар менен талаш-тартыштарды мыйзамдын негизинде ачык, эл алдында чечүүгө чакырыктар бар.

Талапкерлер шайлоо процессинде этикалык жана моралдык ченемдерди кармануу менен башка талапкерлердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер репутациясына шек келтире турган алдын-ала жалган маалыматтарга негизделген маалыматтарды таратпоолору, шайлоо жөнүндө мыйзам орноткон агитация эрежелерди анын ичинде социалдык медиа жана интернет-басылмалар аркылуу да эрежелерди сакташы зарыл.

Социалдык медиадагы мүмкүнчүлүктөрдү атаандашка каршы курал катары пайдаланбоону, социалдык медиадагы саясый рекламаларды өзүнүн шайлоо фондунан төлөөнү жана мындай рекламаны шайлоо кампаниясын каржылоо жөнүндө отчетто көрсөтүүнү, саясый рекламаны социалдык медиада жайгаштыруу үчүн жалган адамдарды пайдаланбоо сунуш кылынат.

Талапкерлерге добуш берүүгө 24 саат калганда жана добуш берүү күнүндө агитацияга тыюу салынаарын жана добуш берүүгө 5 күн калганда коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгын социалдык медиада жарыялоону жайылтууга тыюу салынаарын эскертишти.

Ошондой эле кайрылууда талапкерлер өздөрүнүн өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын, агитаторлорун, туугандарын, досторун, тааныштарын жана башка адамдарды шайлоочулардын добуштарын сатып алууга катышпоого, тескерисинче бардык аракеттер менен шайлоочулардын добушун сатып алууга каршы турууга, анын ичинде укук коргоо органдарына жардам берүү тууралуу айтылган.

БШК талапкерлерди өз максатына жетүү үчүн административдик ресурсту анын ичинде кызматтык артыкчылыкты колдонбоого, жарандардын эркин добуш берүүсүнө мыйзамсыз кийлигишкен ар кандай аракеттерден, добуш берүү жана добуштарды саноого кийлигишүүдөн алыс болууга, добуш берүүнүн жашыруундугун сактоого, шайлоо кампаниясын шайлоо алдында да, шайлоодон кийин да коомдук абал тынч болгудай уюштуруп жана өткөрүүгө чакырат.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>