2020–ж. 16-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
16 декабря 2020
Өткөрүү датасы: 16-декабрь 2020-ж.
Убактысы: 15.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. «2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 370 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баядамачы – Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)
2. КР БШКнын «2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-октябрындагы № 268 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» 2020-жылдын 2-ноябрындагы №287 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы - Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы)
3. 2020-жылдын 10-декабрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Ош шаарынын жана Ош облусунун Алай районунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
(баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) добуш берүү үчүн бюллетендер жөнүндө
(баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдун билдирүүсү жөнүндө
(баядамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)
8. Ар түрдүү маселелер
